Жалал-Абад облусунда жеке ишкерди коркутуп акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 25-майда болгон. Ишкер бул окуяны убагында коркуп эч кимге айткан эмес. Бирок оперативдүү келген маалыматтардын негизинде милиция кызматкерлери ишкер менен жолугушкан. Анда ал буларды айтып берген.
"25-май күнү саат 16:00 чамасында өзүм иштеген Сузак районунун аймагындагы таш заводумда жүрсөм Замир аттуу бейтааныш бала "Сиз менен менин башчыларым сүйлөшөлү деп жатышат" деп айткан. Бирок ал мени алдоо жолу менен Жалал-Абад шаарына алып барган. Ал жактан белгисиз адамдар "таш заводуңду жабасың же 10 миң доллар акча бересиң, болбосо буту-колуңду сындырып, өлтүрүп салабыз" деп коркутуп, андан соң сабашкан. Жанымдагы 30 миң сом акчамды алып, кайра үйүмө алып келип дагы 85 миң сомумду алып кетишти", - деген жабырлануучу ишкер.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Териштирүү иштеринин негизинде 18-июнь күнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Сузак районунун 1985-жылы туулган Н.З. аттуу тургуну кармалган. Учурда шектүү 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.