Луис Суарестин голу Уругвайга жеңиш алып келди. Уругвай менен Орусия алгачкылардан болуп плей-офф баскычына өтүштү

Бүгүн, 20-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "А" тайпасында беттештер уланат. Анда "Ростов Арена" стадионунда Уругвай менен Сауд Арабия курама командаларынын беттеши өтөт. Беттештин башкы калысы Клеман Турпен (Франция) болот.

20:50. Уругвай курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Фернандо Муслера ("Галатасарай", Түркия);
  • Коргоочулар: Диего Годин, Хосе Мария Хименес ("Атлетико", Испания), Мартин Касерес ("Лацио", Италия), Гильермо Варела ("Пеньяроль");
  • Жарым коргоочулар: Родриго Бентанкур ("Ювентус", Италия), Матиас Весино ("Интер", Италия), Карлос Санчес ("Монтеррей", Мексика), Кристиан Родригес("Пеньяроль");
  • Чабуулчулар: Эдисон Кавани (ПСЖ, Франция), Луис Суарес ("Барселона", Испания).
  • Башкы машыктыруучу: Оскар Табарес (Уругвай).

20:52. Сауд Арабия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Мохаммед Аль-Овайс ("Аль-Ахли Жидда");
  • Коргоочулар: Яссер Аль-Шахрани, Осама Хавсави, Али Аль-Булаихи, Мохаммед Аль-Бурайк ("Аль-Хиляль");
  • Жарым коргоочулар: Салман Аль-Фараж, Абдула Отаиф ( "Аль-Хиляль"), Тайсир Аль-Жасси ("Аль-Ахли"), Хаттан Бахебри ("Аль-Шабаб"), Салем Аль-Досари ("Вильяррреал", Испания);
  • Чабуулчулар: Фахад Аль-Муваллад ("Леванте", Испания).
  • Башкы машыктыруучу: Хуан Антонио Пицци (Испания).

20:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Уругвайдын гимни жаңырды.

20:57. Сауд Арабиянын гимни жаңырды, беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

21:00. Клеман Турпен беттешке старт берди. Топту оюнга арабиялыктар кошту.

21:01 Алгачкы кооптуу абал арабиялыктардын дарбазасында орун алды. Луис Суарес 20 метр аралыктан кубаттуу сокку узатып аны коргоочулар кайтара алды.

21:03. Кристиан Родригес атаандашын жыгытты. Клеман Турпе аны көрүп беттешти токтотту. Топ арабиялыктардын карамагында.

21:05 Клеман Турпенин ышкырыгы жаңырууда, Карлос Санчес эреже бузду.

21:06. Кооптуу айып соккуну арабиялыктар аткарат. Матиас Весино эреже бузууга жол берди.

21:07. Мохаммед Аль Бурайк айып соккуну аткарды. Топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан сырткары чыгып кетти. Арабиялыктар топту бурчтан чыгарат.

21:08. Арабиялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдоно алган жок.

21:10. Арабиялыктар талаанын орто бөлүгүндө топко ээлик кылууда.

21:11. Салем Аль-Досари Суареске каршы орой оюн көрсөтүүдө. Калыс эреже бузууну байкап, ышкырыгын жаңыртты.

21:12. Эдинсон Кавани айып аянтчада коргоочулардын кароосунан чыгып сокку узатканга жетишти. Сокку таамай болгон жок, топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

21:14. Суарес оң канаттан айып аянтчага топту чыгарганга аракет жасаган, топ коргоочуларга тийип талаадан сырткары чыгып кеткен. Бирок калыстын ышкырыгы жаңырбаса, бурчтан чыгаруу орун албайт. Клеман Турпен катага жол берди.

21:15. 15 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында Уругвай курамасы топко 54 пайыз ээлик кылган.

21:16. Диего Годин айып аянтчага жакшы чыгарып берүү жасаган, бирок ага Кристиан Родригес жетпей калды.

21:19. Уругвайлыктар контр-чабуулга чыгып Эдинсон Кавани сокку узатты. Каванинин соккусу коргоочуларга тийип талаадан сырткары чыкты. Уругвайлыктар бурчтан чыгыруу аткарышат.

21:21. Фахад Аль-Муваллад оң бурчтан сокку узатып таамай боло албай калды. Топ дарбазадан бийик өтүп кетти.

21:22. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Луис Суарес эсеп санын ачты. Уругвай топту бурчтан чыгарып, аны Суарес дарбазага таамай багыттады. Мохаммед Аль-Овайс топту тосуп алууга жетишкен жок.

21:24. Кавани эсепти өзгөртүүгө жакшы аракет жасады. Айып аянтчадан 1 коргоочуну алдап кубаттуу сокку жасаганга жетишти. Анын соккусун дарбазачы тосуп алды.

21:25. Хаттан Бахебри алыскы аралыктан таамай сокку узатып, уругвайлыктардын тынчын алды. Муслера топту кайтарды.

21:27. Хаттан Бахебри кайрадан мыкты, бирок ийгиликсиз оюн көрсөтүүдө. Айып аянтчадан күтүлбөгөн жерден сокку узатканы менен таамай болгон жок.

21:28 Калыс Эдинсон Каванинин эреже бузуусун байкап калды. Топ арабиялыктарда.

21:30. Кавани оюн талаасында жатат. Кавани дарыгерлердин жардамына муктаж.

21:32. Сауд Арабиянын оюнчулары талаанын орто бөлүгүндө топко ээлик кылууда.

21:33. Оң канаттан башталган чабуулдан арабиялыктар кооптуу абал жарата алды. Атаандашынын айып аянтчасында топту бири-бирине берип, бирок сокку узатканга жетишкен жок. Уругвайлыктар ийгиликтүү коргоно алды.

21:37. Абдулла Отайф алыскы аралыктан сокку жасады, анын соккусу дарбазадан бир топ жогору өттү.

21:39. Оюн убактылуу токтоп калды. Тайсир Аль-Жасси жаракат алгандай көрүнөт.

21:41. Уругвайдын оюнчулары мүмкүнчүлүк менен колдонуп эсеп санын аламаштырууга аракет жасап жатышат. Арабиялыктар Тайсир Аль-Жассинин жаракат алганынан улам 10 футболчу менен гана ойноп жаткан кези.

21:43. Калыс арабиялыктарга оюнчусун алмаштырууга мүмкүнчүлүк берди. Тайсир Аль-Жассининин ордуна Хуссейн Аль-Могахви чыкты.

21:45. 1-таймдын негизги убактысы бүтүп, калыс 2 мүнөт кошту.

21:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына жетти.

21:48. 1-таймдын жүрүшүндө арабиялыктар топко 55 пайыз ээлик кылышты.

22:02. Калыс 2-таймга старт берди. Топту оюнга уругвайлыктар кошту.

22:03. Салем Аль-Давсари сол канаттан чабуул жасаганга аракет жасады, бирок топту уругвайлык коргоочу тартып алып, арабиялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

22:05. Фахад Аль-Муваллад кооптуу абал жаратканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал офсайд абалында болгон.

22:06. Салман Аль-Фараж орой оюн көрсөтүп эреже бузду. Суарес айып сокку узатат.

22:07. Луис Суарестин соккусу мыкты болду. Бирок Аль-Овайс аны кайтарганга жетишти.

22:09. Суарес чабуулда оюн эрежесин бузду. Топ арабиялыктардын карамагында.

22:12. Уругвайлыктар чабуул жасаганга аракет жасаганы менен ийгиликсиз болууда.

22:14. Диего Годин атаандашын футболкасынан тартканы үчүн калыс ышкырып чабуулду токтотту.

22:16. Уругвай курамасында дароо 2 оюнчу алмашты. Кристиан Родригестин ордуна Диего Лаксальт чыкса, Матиас Весинонун ордуна Лукас Торрейра чыгат.

22:17 Диего Лаксальт топту атаандашынын айып аянтчасына жеткирүүгө аракет жасады, бирок аракети ийгиликсиз болуп калды.

22:19. Карлос Санчес Каванинин көтөрүлгөн тобуна жетип 2 метр аралыктан башы менен сокку узаткан. Бирок топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

22:21. Арабиялыктар Санческе каршы эреже бузушту. Калыстын ышкырыгы жаңырып уругвайлыктар айып сокку аткарат.

22:22. Хименес атаандашынын чабуулчусуна жетпей калып, эреже бузууга аргасыз болду. Арабиялыктар кооптуу айып сокку аткарышат.

22:24. Кайрадан эреже бузуу. Арабиялыктар Суарести кулатышты.

22:25. Айып соккудан көтөрүлгөн топко Мартин Касерес жетип, башы менен сокку узатканга жетишти. Бирок таамай болгон жок.

22:32. Арабиялыктардын курамасында алмаштыруу орун алды. Хаттан Бахбирдин ордуна Мохаммед Кану чыкты.

22:33. Арабиялыктар оюн эрежесин бузууда. Уругвайлыктар айып сокку аткарат.

22:34. Мохаммад Аль-Сахлави оюн талаасына чыкты. Ал Фахад Аль-Мувалладды алмаштырды.

22:37. Дагы бир алмаштыруу. Карлос Санчестин ордуна Наитан Нандес оюн талаасына чыкты.

22:43. Эдинсон Кавани эсеп санын өзгөртүүгө жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон, бирок аракети ийгиликсиз болду.

22:45. Беттештин акыркы мүнөттөрү орун алууда. Топко ээлик кылуу боюнча Сауд Арабия - 53 пайыз, Уругвай - 47 пайыз. Соккулар боюнча уругвайлыктар 12:5 эсеби менен алдыда келе жатышат.

22:47. Беттештин негизги убактысы аягына жетти. Калыс 4 мүнөт убакыт кошуп берди.

22:48. Ясир Аль-Шахрани атаандаштарын тынчсыздандырды. Айып аянтчанын ичинен узаткан соккусун Муслера тосуп алганга жетишти.

22:51. Клеман Турпендин ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти. Муну менен "А" тайпасындагы Уругвай менен Орусия курама командалары плей-офф баскычына өтүштү.

Сауд Арабия-Уругвай. Суарестин жеңиш алып келген голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kilim
2018-06-20 22:04:59
Уругвай 1/8 финалда дей берсек болот
+2
Mirlan27011987
2018-06-20 22:13:15
Арабтар чымоданынарды жыйыштырып, уйунорго кошкула.
0
Salaf
2018-06-20 22:23:37
Марокко Египет Арабиялар кайта беришседа боло берет эми.
0
Rasul94
2018-06-20 22:42:16
Сауд Аравия оюндан тажап деле калышыптыр.убакыт отсо болду
-1
Meni_unut
2018-06-20 23:04:51
Куттуктайм Орусия жана Уругвайды.Татыктуулары иргелип чыга берет эми.
0
Atas
2018-06-21 00:50:19
Арттка орусия
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан