Бүгүн, 21-июнь күнү Токтогул районунда жол кырсыгы катталып 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Кырсык түнкү саат 01:25 чамасында, Бишкек-Ош унаа жолунун 282-чакырымында болгон.
"Бизге катталган маалымат боюнча 1997-жылы туулган К.Д. Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып, карама-каршы тилкедеги Волга үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Волга унаасынын айдоочусу 1956-жылы туулган Т.Ч. жана жүргүнчү катары бараткан 1995-жылы туулган кызы жана Mercedes Benz Sprinter унаасынын жүргүнчүсү жаракат алышып, "Тез жардам" аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кырсыкты териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деди маалымат катчы.