Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум саат 9:30да башталмак. Анда соттун чечими чыгары күтүлүүдө. Бирок отурум белгиленген убакыттан 1 саат өткөнүнө карабай башталбай жаткан. Жактоочу Кайрат Загибаев соттук коллегиянын айрым мүчөлөрү башка соттук процесске катышып жаткандыгынан улам отурум өз убагында башталбай жатканын айткан. Кийин Исаевдин ишин кароо саат 14:00гө жылдырылганы айтылды.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.
Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.