Орусиялык "Звери" тобунун музыканты Роман Билык Ысык-Көлдө эс алууда

Орусиялык белгилүү музыкант, "Звери" тобунун ырчысы Роман Билык Ысык-Көлгө келди. Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына көл жээгинен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

Ырчы сүрөтүнүн алдына "Ысык-Көлгө кантип келип калганымды сураба. Ушундай болуп калды. Картада дагы бир кооз жер. Дүйнөнү кыдырдык. Кызыктуу көз ирмемдер" деген хэштег жазган. Ал эми Роман Билыктын сүрөтүнүн алдына социалдык тармактын колдонуучулары "Концерт коёсузбу?", "Мен дагы Ысык-Көлдө эс алганды жакшы көрөм. Дайыма ошол жакта эс алгым келет", "Сууга түштүңүзбү, жактыбы?", "Жакшы эс алыңыз" деген сыяктуу суроолорун, пикирлерин, ошондой эле каалоолорун жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Cherik.777
2018-06-21 13:37:54
Кош келдиниз Кыргызстанга
+5
Ali-han
2018-06-23 01:49:15
Келсе келгендир да. Голливудтун жылдызы келгенсип Инстаграмга кайра кайра чыгарышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан