Кырк жаштын кырында эне болуу бакытынын даамын таткан атактуулар

Гинекологдор "Аялзаты 30 жашка чейин төрөп алышы керек, 30дан кийин кеч болуп калат" деп айтып келет. Бирок бүгүнкү күндө мындай сөздөрдү четке кагып, 40тын кырында, андан кийин деле төрөп, ал тургай биринчи ирет эне болгондор дагы жок эмес. SUPER.KG порталы ушул куракта эне болуу бакытынын даамын таткан эл көзүндөгү атактуу айымдарды тизмектеп көрдү.

Ева Лонгория

Америкалык актриса, фотомодель жана продюсер Ева Лонгория 43 жашка чыкканда эне макамына ээ болду. Актриса жана анын жолдошу ушул жылдын 19-июнунда уулдуу болуп, ага Сантьяго Энрике Бастон деген ат койгон. Ева Лонгория 3 жолу турмушка чыккан. Биринчи жолдошу актёр Тайлер Кристофер (2002-2004-жыл), экинчи күйөөсү франциялык баскетболчу Тони Пранкер (2006-2011-жыл) болгон. Ал эми 2016-жылы мексикалык жеке ишкер Хосе Антонио Бастонго турмушка чыккан.

Николь Кидман

Австралиялык актриса жана продюсер Николь Кидман 41 жашында кыздуу болгон. Ал эки ирет турмушка чыккан. Тагыраагы, 23 жашында актёр Том Крузга турмушка чыгып, Изабелла жана Коннор аттуу бир кыз, бир уулду багып алган. Түгөйлөр 2001-жылы ажырашып кеткен. Актриса 2006-жылы музыкант жана ырчы Кит Урбан менен турмуш жолуна аттанган. 2008-жылы Николь Кидман 41 жаш курагында кыз төрөп, атын Сандэй Роуз койгон. Ал эми 2010-жылы Фэйт Маргарет аттуу кызы карын эненин жардамы менен жарык дүйнөгө келген.

Мадонна

Голливуд жылдызы, поп-музыканын ханышасы Мадонна 38 жашында эне болгон. Ал кызына Лурдес Мария Чикконе-Леон деген ысым ыйгарган. Лурдес Мария Чикконе-Леондун атасы - латын америкалык фитнес машыктыруучу Карлос Леон. Ырчынын эң узак сүйүү мамилеси британиялык режиссёр Гай Ричи менен болгон. Экөө 8 жылдан ашык убакыт чогуу жашаган. Мадонна 42 жашында Рокко аттуу уулун жарык дүйнөгө алып келген. Мадонна өзүнүн балдарынан сырткары Мерси Жеймс жана Дэвид Банд аттуу балдарды жана Эстер жана Стелла деген эгиз кыздарды багып алган.

Сьюзан Сарандон
40 жашынан кийин атактуулукка жеткен америкалык аткриса Сьюзан Сарандон 39 жашында Ева деген кыздуу болгон. Ал 1967-жылы актёр режиссёр Франко Амуриге турмушка чыгып, андан кыздуу болгон. Кийин 1988-жылы актёр Тим Роббинс менен баш кошот. Ошентип 43 жашында Жек Генри, 46 жашында Майлз деген эки уулдуу болгон.

Моника Беллуччи

Италиялык актриса, модель, сулуулуктун эталону болгон Моника Беллуччи 40 жашында эне болуу бактысын сезген. Ал 1999-жылы франциялык актёр Венсан Касселге турмушка чыгып, 2004-жылы Дева деген кыздуу болушкан. Моника Беллуччи 45 жашында экинчи ирет кыздуу болуп, ага Леони деген ысым ыйгарган.

Замира Молдошева

Ал эми Кыргыз шоу-бизнесиндеги атактуулардан стилист-дизайнер Замира Молдошева 43 жашында тун кызын жарыкка алып келген. Замира айым 2000-жылы жолдошу Моңолдор мырза менен таанышып, 4 жыл жарандык никеде жашаган соң, аны менен баш кошкон. Түгөйлөр 15 жылдан кийин Саада аттуу кыздуу болушкан.

Кенже Дүйшеева

Ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти Кенже Дүйшеева 36 жашында эне болуу бакытына ээ болгон. Ырчы 2010-жылы казакстандык Талгат аттуу мырзанын колун кармаган. Бир жылдан кийин жан шериктер Томирис ысымдуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nevestkaa
2018-06-22 19:28:27
Алтынай Нарбаева да 45тен өтүп кичине кызын төрөдү окшойт.
+4
Cibek
2018-06-22 19:37:00
Nevestkaa,оа бирок бул жакта тун наристесин торогондор жонундо экен
+5
Rasul94
2018-06-22 19:55:33
Гулнара Тойгонбаева да былтыр балалуу болдум деп журот беле
+1
Ayjan.Akyl
2018-06-22 21:35:06
Аллах таалам ар бир аял затына наристе жытын искоону насип этсин.
+11
aida007
2018-06-23 23:49:00
Ayjan.Akyl, аминь
0
Jaziko80
2018-06-23 02:51:34
Супер Инфо. Саламатсыздарбы? Кенже Дуйшеева корунбой кеттиго. Интервью алыныздарчы сураныч.
-2
admin_superstan
2018-06-23 11:43:31
Jaziko80,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
RuslanaG1
2018-06-23 07:31:55
Тун наристесин эмес эле Сьюзан Сарандон 43 жашында 46, Моника Белучи 45 жашында Экинчи ирет кыздуу болду деп жазып жатат но, Алтынай Нарбаеваны билбей же унутуп калышса керек
-1
Sabette
2018-06-23 09:03:47
78жашында балалуу болду өткөндө бир кемпирди айтып жатышты эле го
-1
Rasul94
2018-06-23 10:24:37
Sabette,койчу эй
0
Ferdews
2018-06-23 11:14:23
Кенже эженин кызы,бультуска го))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан