Бишкекте аял үй сатып алам деп 20 миң долларга алданып калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Берилген маалыматка караганда, К.Т. аттуу жабырлануучу аял финполицияга анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алып койгон бейтааныш адамга карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. Анда аял интернеттен "батир сатылат" деген жарнакты көрүп, билдирүүдө калтырылган номерге байланышка чыкканын билдирген.
"Батир сатмакчы" болгон адам өзүнүн Орусияда экенин айтып, "кардарына" банк аркылуу 20 миң доллар которуусу керектигин айткан. Экөөнүн макулдашуусунда, сатуучу акчаны алгандан кийин Бишкек шаарындагы батирди сатып алуучуга өткөрүп берүү үчүн келмей болгон.
"Бирок аял акчаны которгондон кийин үй сатам деген адам ал менен байланышты үзүп койгон. Бир нече убакыт күтүп аял кайра банктан акчасын кайтарып алганы барганда банк кызматкерлери ал жөнөткөн 20 миң долларды алуучу адам алып кеткенин айтышкан. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган мекеме өлкөнүн жарандарын социалдык тармак аркылуу тараган жарнамаларды көрүп, чечим чыгарууда кылдат болууга чакырат.