Баткенде соодагердин 62 миң сомун уурдаган деп 2 жаш кыз кармалды

Баткен шаарында 22 жана 23 жаштагы 2 кыз уурулукка шектелип кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 21-июнда Баткен ОИИБинен билдиришти.

Ага ылайык, 11-июнь күнү саат 10:00дөр чамасында Баткен шаарындагы "Айдарали" базарында соода кылган 25 жаштагы тургун 62 миң сомун уурдатып жиберген. Анын акчасы соода жайындагы акча салынган кутудан уурдалган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында акчаны 2 кыз уурдаганы белгилүү болуп, кыздарды Баткен облустук милициясы Жалал-Абад шаарынан кармашкан. Бүгүн бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurzada_0111
2018-06-21 18:07:17
Арам акча буюрбайт! Жаш экенсинер андан коро бироонун эшигин шыпырып адал акча таптанар болмок
+4
Rasul94
2018-06-21 18:17:44
Милициялар туну менен кыйнагыла
-3
Sezimim...
2018-06-21 20:07:57
Ким билет?...Толук куноосуу акталганча бирдеке деп айтыш эрте...
+2
KG.Kushtarbek
2018-06-21 20:27:43
ошону озубузчо еле баткендикче кылып чечсе болотда алар жаш али Кызыккандарда
0
guli-1980
2018-06-22 01:34:57
Кандайча Жалалабаддан кармайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан