Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү Бишкек шаарындагы ресторандардын биринен 20-июнда кармалган.

"Ага чейин Бишкек шаарынын тургуну криминалдык милиция бөлүмүнө 2015-жылы жер тилкесин алып берем деп чала тааныш адамы 4 миң доллар алган бойдон дайынсыз жоголгонун айтып арыз жазган. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Т.К. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун "Сакал" деген каймана аттуу лидеринин бир тууганы экени жана топко мүчө экендиги аныкталган. Учурда кармалган жаран ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени аныкталууда. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан