"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда буга чейин ачылбай жүргөн мал уурулуктарынын бети ачылды", - деп бүгүн, 21-июнда Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, буга чейин мал уурулугу катталып, 5 факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде Базар-Коргон РИИБинин ыкчам кызматкерлери Акман айылынын 22 жаштагы Б.уулу А. аттуу тургунун жана Кызыл-Октябрь айылынын 23 жаштагы тургуну Э.уулу Д.ны кармап, камакка алышкан.
Алар төмөндөгү мал уурулуктарды жасаган:
1) Ушул жылдын 7-июнунан 8-июнуна караган түнү Базар-Коргон районундагы Үч-Булак айылынын тургунунун 1 кунаажынын айыл ичинде жүргөн жеринен уурдап, 25 миң сомдук материалдык зыян келтирген.
2) "24-майдан 25-майга караган түнү Базар-Коргон районунун Кыргоо айылында өзүмдүн үйүмдүн огородунда бош жүргөн жеринен 1 жашар, базар баасы 23 миң сомдук торпок кунаажынымды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишиптир, ушул адамдарды таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранам", - деп айыл тургуну арыз менен кайрылган.
3) 5-июндан 6-июнга караган түнү Базар-Коргон районунун Каба айылынын тургуну Ч.Б.нын Жүзүмдү жайлоосунда жайылып жүргөн уйларынын арасынан 2 букасын белгисиз адамдар уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетип, 85 миң сомдук материалдык зыян келтирген.
4) 19-апрелден 20-апрелге караган түнү Базар-Коргон районунун Айгыр-Жал участкасынын тургунунун айыл четиндеги адырда жүргөн жеринен 2 жашар букасын белгисиз кишилер уурдап, 20 миң сомдук материалдык зыян келтирген.
5) 9-июндан 10-июнга караган түнү Базар-Коргон районунун Каба айылынын тургунунун торпогун энесинин жанында жол четинде бош жүргөн жеринен белгисиз адамдар уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетип, 20 миң сомдук материалдык зыян келтирген.
"Жалпысынан 6 мал уурдалып, мал ээлерине 173 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.