Месси Аргентинаны ири жеңилүүдөн сактай алган жок. Ребич, Модрич, Ракитич Хорватияга майрам алып келди

22-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-туру уланат. Анда "Төмөнкү Новгород" стадионунда "D" тайпасынын алкагындагы Аргетина-Хорватия беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат. Беттештин башкы калысы өзбекстандык Равшан Ирматов болот.

23:40. Аргентина курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Вилли Кабальеро ("Челси", Англия);
  • Коргоочулар: Николас Отаменди ("Манчестер Сити", Англия), Маркос Акунья ("Спортинг", Португалия), Габриэль Меркадо ("Севилья", Испания), Николас Тальяфико ("Аякс", Голландия).
  • Жарым коргоочулар: Хавьер Маскерано ("Хэбэй Чайна Форчун", Кытай), Максимилиано Меса ("Индепендьенте"), Эдуардо Сальвио ("Бенфика", Португалия), Энцо Перес.
  • Чабуулчулар: Лионель Месси ("Барселона", Испания), Серхио Агуэро ("Манчестер Сити", Англия),
  • Башкы машыктыруучу: Хорхе Сампаоли (Аргентина).

23:43. Хорватия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Даниел Субашич ("Монако", Франция).
  • Коргоочулар: Домагой Вида ("Бешикташ", Түркия), Иван Стринич ("Сампдория", Италия), Деян Ловрен ("Ливерпуль", Англия), Шиме Врсалько("Атлетико", Испания).
  • Жарым коргоочулар: Лука Модрич ("Реал Мадрид", Испания), Иван Ракитич ("Барселона", Испания), Марцело Брозович ("Интер", Италия).
  • Чабуулчулар: Марио Манжукич ("Ювентус", Италия), Иван Перишич ("Интер", Италия), Анте Ребич ("Айнтрахт", Германия).
  • Башкы машыктыруучу: Анте Чачич, Златко Далич (Хорватия).

23:45. Учурда командалар оюнга даярданууда. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алат.

23:48. Бул беттеште Хорватия курама командасында Никола Калинич оюн талаасына чыкпайт. Мындай чечимди башкы машыктыруучулар кабыл алган. Ал эми Аргентина курамасында жаракат алгандар жок жана бардык оюнчулар оюн талаасына чыкканга даяр.

23:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Аргентинанын гимни жаңырды.

23:57. Хорватиянын гимни жаңырып командалар беттешти баштоого даяр.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып Аргентина-Хорватия беттеши башталды.

00:01. Беттештин стартынан баштап эле аргентиналыктар топко ээлик кылып чабуулун улантууда.

00:03. Аргентиналыктар топту жоготуп, хорватиялыктар кооптуу чабуул жаратышты. Иван Перишич сол канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатканга үлгүрдү. Сокку таамай болгону менен Вилли Кабальеро дарбазасын сактап калды.

00:04. Модрич топту бурчтан чыгарып, көтөрүп берген тобуна өнөктөштөрү жеткен жок.

00:05. Талаанын орто бөлүгүндө Марио Манжукич атаандашына каршы эреже бузду.

00:07. Аргентиналыктар топту орто бөлүктө кармап, чабуулду баштоо аракетин көрүүдө.

00:08. Николас Тальяфико Манжукичке карата орой оюн көрсөтүп эреже бузду.

00:09. Ракитич айып аянтчага мыкты чыгарып берүү аткарды. Анын өнөктөшү топту кабыл алып, бирок андан ары ийгиликтүү кыймыл жазаганга үлгүргөн жок.

00:11. Месси жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Ал айып аянтчага көтөрүлгөн топко жетпей калды. Месси дарбазачы менен бетме-бет келген болчу.

00:13. Максимилиано Меса кубаттуу сокку узатты. Бирок анын соккусу коргоочуга тийип топ талаадан сыртка чыгып кетти.

00:14 Иван Стринич орой оюн көрсөтүүдө. Равшан Ирматов эреже бузууну байкады.

00:15. Энцо Перес эреже бузууга жетишти. Хорватиялыктар айып сокку аткарат.

00:16 Анте Ребич аргентиналыктарга эреже бузуу менен жооп берүүдө.

00:17. Хавьер Маскерано Модричке каршы эреже бузду. Акыркы учурда оюнчулар орой оюн көрсөтүүдө. Ирматов баарын байкап ышкырыгын дароо жаңыртууда.

00:19. Марцело Брозовичтин кубаттуу соккусун коргоочулар кайтара алды. Бул кооптуу сокку болчу.

00:20. Маркус Акуна алыскы аралыктан сокку узатып, анын соккусу дарбазанын таякчасына тийип оюн талаасынан чыгып кетти.

00:22. Николас Отаменди атаандашына каршы абдан орой ойноодо. Айып соккуну хорватиялыктар аткарат.

00:24. Месси офсайд абалында болуп, калыс чабуулду токтотту.

00:25. Агуэро айып аянтчадан өнөктөшүнө чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгачкылардан болуп коргоочулар жетти. Аргентиналыктар топту бурчтан чыгарат.

00:26. Бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен аргентиналыктар ийгиликтүү колдоно алган жок. Коргоочулар жакшы оюн көрсөтүүдө.

00:27. Статистикага көңүл бурсак, топко ээлик кылуу боюнча Аргентина 57 пайызга ээ.

00:28. Энцо Перес да мыкты мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Анын ачык дарбазага багытталган соккусу таамай болгон жок.

00:29. Месси Ракитичке карата эреже бузууда. Ирматовдун ышкырыгы кайрадан жаңырды.

00:31. Манжукич дарбазачы менен бетме-бет келип, башы менен узаткан соккусу таамай болбой калды.

00:32. Соккулар боюнча статистикада 3:2 эсеби менен хорватиялыктар алдыда келе жатат.

00:33. Калыстын ышкырыгы жаңырды, Ракитич оюн эрежесин бузду.

00:34. Ребич Меркадого каршы абдан орой ойноп эрежени бузду. Меркадо дарыгерлердин жардамына муктаж.

00:37. Месси айып соккудан топту тез оюнга кошту.

00:38. Ребич кайрадан оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди. Аргентинанын машыктыруучусу Хорхе Сампаоли калыска орой сүйлөгөнү үчүн сары айып кагазын алганга жетишти.

00:41. Ребич эсеп санын ачууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок топко жетишкен жок.

00:42. Эреже бузуу боюнча эсеп 5:10. Хорватия көбүрөөк эрежелерди бузууда.

00:45. 1-таймдын негизги убактысы соңуна келип, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

00:46. Лука Модрич таамай чыгарып берүүсү менен Ребичке мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ал алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок.

00:47 Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттештин 1-бөлүгү аяктады.

00:48 1-таймдын жүрүшүндө Хорватия курамасы Аргентинага татыктуу каршылык көрсөтүп, бир нече кооптуу чабуулдарды аткарды. Ал эми Аргентина бир топ аракет кылганы менен, эсеп санын ача алган жок.

01:03. Калыс 2-таймга старт берди. Тыныгуудан соң командаларда алмаштыруу орун алган жок.

01:04. Алгачкы мүнөттөрдөн аргентиналыктар чабуулга чыгып, бирок бир оюнчусу офсайд абалында болуп калды.

01:05. Маркос Акунья сокку узатты, бирок коргоочулар топту тосуп калышты.

01:07. Иван Перишич айып аянтчага топту жеткирип берди, топто алгач коргоочулар болуп, чабуулду токтотуп калышты.

01:08. Габриэль Меркадо эреже бузуп, ага Ирматов сары айып кагазын көрсөттү.

01:10. Го-о-о-л! Эсеп 0:1. Аргентиналык дарбазачы ката кетирип, Анте Ребич бул катачылык менен ийгиликтүү колдонду. Анын узаткан соккусуна Вилли Кабальеро жетишпей калды.

01:12. Аргентинанын курамында алмаштыруу. Гонсало Игуаин Серхио Агуэронун ордуна оюн талаасына чыгат.

01:13. Аргентиналыктарда дагы бир алмаштыруу орун алат. Эдуарду Сальвионун ордуна Кристиан Павон оюн талаасына чыгат.

01:14. Анте Ребич жаракат алып оюн талаасын таштоого аргасыз болду. Анын ордуна оюнга Андрей Крамарич кошулат.

01:15. Лука Модрич топту бурчтан айып аянтчага чыгарган, бирок топко биринчи болуп дарбазачы жетти.

01:16. Марио Манжукич оюн эрежесин бузганы үчүн сары айып кагаз менен белгиленди.

01:18. Кристиан Павон айып аянтчага мыкты чыгарып берүү жасаган, бирок коргоочулар топту тосуп алууга жетишип калышты.

01:19. Лионель Месси атаандашын алдап өтүүгө аракет жасаган, бирок каршылашы топту оңой эле алып койду.

01:20. Иван Ракитич сокку узатканга жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок ал офсайд абалында болуп калган.

01:21. Лионель Месси алыскы аралыктан сокку узатты. Анын соккусунан улам топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан чыгып кетти.

01:22. Николас Отаменди бурчтан чыгарылган топто биринчи болуп сокку узатканга жетишти, бирок анын соккусу таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ жогору учуп кетти.

01:23. Марио Манжукич айып аянтчанын ичинен сокку узатып таамай боло алган жок. Эсепти 0:2 кылууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу.

01:24. Шиме Врсалько орой оюн көрсөтүп, сары айып кагазы менен белгиленди.

01:25. Калыстын жардамчысы офсайд абалын байкап калды. Офсайдда Андрей Крамарич болду.

01:26. Аргентина курамасында акыркы алмаштыруу. Энцо Перес оюн талаасынан кетсе, анын ордуна оюнга Пауло Дибала кошулат.

01:27. Дибала мыкты мүмкүнчүлүктү коё берди. Ал мыкты чыгарып берүүнү кабыл алып, дароо узаткан соккусу дарбазадан бир топ жогору өттү.

01:29. Марио Манжукичтин айып аянтчага көтөрүлүп берген тобуна өнөктөштөрү жетишпей калды. Коргоочулар топту кабыл алып, дароо айып аянтчадан сыртка чыгарышты.

01:31. Маркос Акунья кооптуу абал жаратууга аракет жасаган, бирок анын чыгарып берүүсү ийгиликсиз болду.

01:33. Иван Ракитич жаракат алып калгандай көрүнөт. Ал дарыгерлердин жардамына муктаж.

01:34. Кристиан Павон жалгыз айып аянтчага кирип келүү аракетин көрдү. Бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп топту тартып алууга жетишти.

01:35. Иван Перишич оюн эрежесин бузду. Ирматов аны байкап оюнду токтотууга аргасыз болду.

01:37. Го-о-о-л! Эсеп 0:2. Лука Модрич эсеп санын өзгөрттү. Ал Брозовичтин чыгарып берүүсүнө жетип, коргоочуларды алдап, 22 метр аралыктан таамай сокку узатты. Кобальеро соккуну көргөнү менен тосуп алууга жетишкен жок.

01:39. Хорватиялыктарда оюнчу алмашты. Иван Перишичтин ордуна Матео Ковачич оюнду улантат.

01:41. Гонсало Игуаин айып аянтчанын чийининен кубаттуу сокку аткарды. Сокку таамай, бирок Даниел Субашич тосуп алганга жетишти.

01:42. Николас Отаменди атаандашынын жыгылтканы үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

01:43. Иван Ракитич айып соккуну мыкты аткарды. Кубаттуу сокку дарбазанын таякчасына тийип калды.

01:44. Маркос Акунья атаандашына каршы орой ойноп, сары айып кагазы менен белгиленди.

01:45. Лука Модрич алыскы аралыктан кубаттуу сокку аткарды, бирок таамай болгон жок.

01:46. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт убакыт кошуп берди.

01:47. Го-о-о-о-л! Эсеп 0:3. Иван Ракитич айырмаланды. Ковачич Ракитичке мыкты чыгарып берүү жасады. Ракитич ээн дарбазага топту багыттап эсеп санын өзгөрттү.

01:49. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Марцело Брозович сары айып кагазы менен айырмаланып, кийинки беттеште оюн талаасына чыкпайт. Ал буга чейин Нигерия менен болгон беттеште дагы сары айып кагаз менен белгиленген.

01:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады.

01:52. Муну менен Хорватия курама командасы "D" тайпасында 6 упайга ээ болуп, алдын ала плей-офф баскычына өтө алды. Ал эми Аргентина курамасында азырынча плей-оффко өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү сакталууда.

Аргентина-Хорватия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
ilgizk
2018-06-22 02:05:18
Аргентинага шанс бар дагы 30% эртең билинет Нигерия Имландия оюнунда, эгер Нигерия жеңсе Аргентинага шанс болот, и Нигерияны крупный жеңиш керек,Бирок Хорваттар Исландияны жеңиш керек.
+3
Akmatov030
2018-06-22 02:06:10
Хе хе молодец модрич жардынго
+8
Man_Ytd
2018-06-22 02:06:51
Модрич красавчик
+3
arawan
2018-06-22 02:07:00
аргентинага оор болуп калды оз дарбазасына 4жоопсуз голду киргизип исландияга мумкунчулук ачылды эми кызык нигерия мн аргентина ойногондо аргентина дагы женилип калабы дейм да мессинин доору бутуп калыптыр ронду мессиге салыштырбагыла рон бул супермен камандасы учун куйгон
+6
take.kg86
2018-06-22 02:08:22
Месси жана Аргентина уят эле болду бирок дагы шанс бар ал үчүн Нигерия менен Исландиянын оюуну тең чыгыш керек
+3
Platon96
2018-06-22 02:25:58
take.kg86, бир еле оюну калды шанс жок нигерияны уч кайта женседа уч еле упай берет
-3
Meni_unut
2018-06-22 02:10:18
Кана Месси??? Голу кана???? Дагы Месси Ронго караганда зор деп.Рондон эки оюнда 4 гол.Мессинерде 0
+8
ilgizk
2018-06-22 02:12:21
Meni_unut,бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт,
Ушул оюн менен эле тиянак чыгарсаң ойуң кыска экен.
+1
Motorola-Samsung
2018-06-22 02:38:18
ilgizk,Трону ушундай оюнда миниш керек
+1
Dembele84
2018-06-22 02:14:56
Аргентинада шанс бар,чтобы выйти 1/8 финала Нигерия Исландияны жениш керек,анан Нигерия менен беттеште аны ири счет менен утуш керек!
+5
Platon96
2018-06-22 02:18:06
Ууууят уяят..мессинин укалари сабырдуу болуп башка команда тандагыла
0
Alinur
2018-06-22 02:24:23
Барселона менен Мессинин фанаттарынын ооздору жабылыптырда ээ?
+5
omurbekkutibaev77
2018-06-22 02:26:42
Аргентина эми уйунорго кетсенер да боло берет
+1
kilim
2018-06-22 02:31:23
Сабыр кылабыз да. Оюн топ тоголок деп озубузду алдап туралы
+1
aiba-889290
2018-06-22 02:53:38
2014 ЧМ де Рон деле группадан командасын алып чыга албай калган.
Германия
Америка
Португалия
Гана.
Ал эми Аргентина финалга чейин жеткен.
Футболдо мындай нерсе болуп турат.Кызуу кандуулука алдырбай,бир бирини кемсинтпей эле корсонор.
-2
ArgenMers
2018-06-22 03:37:40
Модрич эркек созуно турду бугун Исландия нигерияны утут го дейм менин ойумча Хорватия менен Исландия отот 1/8 ге Буйруса
+2
Shakek
2018-06-22 07:29:35
Азамат Модрич Мессиге путёвка жазып бериптир "рахмат россияга келгенине эми Аргентинага кетте бер "деп
+2
Makkambaev97
2018-06-22 11:36:04
Месси Ким элэ Хорваттарга сайгыдай болгону ХХХХ
0
admin_media
2018-06-22 11:40:15
Makkambaev97, мазактоого тыюу салынган!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан