Кыргызстандык Сергей Долгалев оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда 6-орунга ээ болду
25-июнда кыргызстандык спортчу Сергей Долгалев
оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда 6-орунга ээ болду. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти
Улан Молдодосов билдирди. Сергей Долгалев
мелдеште 190 килограммдык штанганы көтөргөн. Эскерте кетсек,
аталган спортчу жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат, ал 2-8-июлда Бишкек
шаарында өтөт.