Аргентина курама командасынын күйөрмандары Мессинин аялын ийгилик алып келчү бут кийимин кийүүсүн өтүнүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ката Троссейро аттуу күйөрман кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрдөн коллаж жасаган. Ал сүрөттөр Месси үчүн жеңиштүү болгон 2015-жылдагы Чемпиондор Лигасында жана 2018-жылдагы Ла Лиганын акыркы оюнунда тартылганын көрүүгө болот. Эки сүрөттө тең Мессинин аялы Антонелла Рокуццо бир бут кийим кийип турганын байкоого болот.
Троссейро бул бут кийимдер жеңиш, ийгилик алып келчү бут кийимдер экенин айтып, алдыдагы оюндарга Рокуццо дал ошол бут кийимди кийип келүүсү керек экендигин жазып чыккан. Күйөрмандын бул сунушун 28 миңден ашуун адам колдогон.
Орусияда өтүп жаткан Дүйнө Чемпиондугунда көптөр ар кандай ырым-жырымдарга ишенишет. Мисалга алсак, Португалия улуттук курама командасынын лидери Роналду бир аз өсүп калган сакалын албай турганын, ал ага ийгилик алып келип жатканын билдирген. Ал эми турнирде эң көп гол киргизген Орусия курамасынын күйөрмандары аларга ийгиликти башкы машыктыруучу Станислав Черчесовдун муруттары алып келип жатканын билдирген.