Кытайлык күйөрмандар Вологданы Волгоград шаары менен алмаштырып алышты

Кытайлык күйөрмандар Вологданы Волгоград шаары менен алмаштырып алышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чет элдик туристтер темир жол кызматкерлерине алардын билетиндеги көрсөтүлгөн поезддерди таппай жатканын айтып кайрылышкан. Кытайдан келген футбол күйөрмандары Волгограддын ордуна Вологдадан билет алып алышкан.
"Кытайлык туристтер кайрылып жардам сурашкан. Темир жол кызматкерлери алардын маселесин чечип, билеттерин алмаштырып туура жолго салышкан", - деп билдирген транспорт министри Евгений Дитрих.
Белгилей кетсек, мындай адашуулар Дүйнө Чемпиондугунда көп орун алууда буга чейин швейцариялык күйөрмандар Ростов-на-Дону шаарындагы мейманканадан орун алгандын ордуна, Ярослав облусундагы Улуу Ростов шаарындагы мейманканадан алдын ала орун алып коюшкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ETAAA_18
2018-06-22 10:58:08
Адашкандын айыбы жок,кайтып уйурун тапкан сон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан