Кечээ, 21-июнда Жалал-Абад шаарында 8 жашар бала токко урунуп ооруканага түштү. Мындай маалыматты оорукананын дарыгерлери тастыктады.
Дарыгерлер азырынча баланын абалы бир аз жакшырганын айтышып, буларга токтолду.
“Токко урунган Н.Н. аттуу 8 жашар бала кечээ, 21-июнда кечки саат 6лар чамасында ооруканага келип түшкөн. Ал ойноп жатып №6-мектептин жанындагы трансформатордун өткөргүчтөрүн кармап алган. Балага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, балдар травматологиясы бөлүмүнө жаткырылды. Анын денесинин 12-15 пайызы күйүп калган”, - деди дарыгер.
Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Маматжан Миянов ата-энелерди балдарына көңүл буруп, аларды кароосуз калтырбоого чакырды.