Жалал-Абад шаарында турак үй өрттөндү (фото)

Кечээ, 21-июнда Жалал-Абад шаарында турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Горький көчөсүндөгү №6-үй өрттөнүп жатат деген маалымат кечки саат 17:38де келип түшкөн.

"Өрттүн кесепетинен шифер жана тунуке менен жабылган 1 турак үйдүн жана 2 времянканын чатыры жана ичиндеги мүлкү күйүп, жалпы 232 чарчы метри күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылып, саат 19:25де өрт толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан