Бишкек шаарында "Спортко кошул" аталыштагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, иш-чара 23-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан спорттук фестивалда фитнестин аэробика, зумба, тае-бо түрлөрү боюнча мастер-класстар уюштурулат.
Спорттук иш-чаранын алкагында спорттук товарлардын, дүкөндөрдүн, клубдардын жарманкеси жана көргөзмөсү болот.
"Фестиваль жаңы өңүттө уюштурулуп жатат. Фестиваль спорттук мекемелердин ортосундагы достук мамилени чыңдайт деген үмүттөбүз. Мындан сырткары иш-чара спорт өкүлдөрүнүн бири-бири менен алака түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп билдиришти агенттиктен.