Каржы полициясы өлкөгө мыйзамсыз товар алып келе жаткан ишканадан 5 миллион 737 миң сом өндүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, товар "М.Т." аттуу жоопкерчилиги чектелген ишканага тиешелүү болгон.
"Ушул жылдын май айында "Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери Шань Чи үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алганда декларацияга кирбеген 23 миллион сомдук товарды кармашкан. Бул иш боюнча 28-майда Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (бажы салыгын төлөөдөн качуу) негизинде кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.
Каржы полициясы ишкана өз каалоосу менен бардык салык чыгымдарын төлөгөн учурда козголгон кылмыш иштер кыскарарын кошумчалады.