Кара-Көл шаарында 3 унаа катышкан кырсык катталды

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады. Маалыматты Кара-Көл шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 21-июнда болгон. Анда Лексус 330, Форд Фокус жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү 3 унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Форд Фокустун 62 жаштагы айдоочусу жабыркаган.

Жабырлануучуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң ооруканага жеткирилген.

Ал эми окуяга күбө болгондордун айтканына таянсак, Форд Фокустун айдоочусу бурулуп жатканда артынан келе жаткан Лексус аны сүзүп алган. Лексустун ичинде айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан