Аргентиналык күйөрмандар хорватиялык күйөрманды сабашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Нижний Новгород шаарында жайгашкан стадиондордун биринде Дүйнө чемпиондугунун алкагында Хорватия-Аргентина беттеши орун алган. Оюндан соң аргентиналык күйөрмандар хорватиялык футбол сүйүүчүнү ур-токмокко алышкан.
Хорватиялык жаран жалгыз болгондуктан аларга эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес. Бул окуяны көргөн орусиялык күйөрмандар урушту токтотуп калышкан. Учурда окуя укук коргоо органдары тарабынан териштирилип жатат.
Бул оюнда Хорватия курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону аргентиналыктарды 3:0 эсебинде утуп алган.