Коутиньо менен Неймар акыркы мүнөттөрдө Бразилияны тең чыгуудан сактап калды

Бүгүн, 22-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-туру уланат. Анда "Санкт-Петербург" стадионунда "Е" тайпасынын алкагындагы Бразилия-Коста-Рика беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат. Беттештин башкы калысы голландиялык Бьорн Кейперс болот.

17:30. Бразилия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Алиссон Бекер ("Рома", Италия);
  • Коргоочулар: Тиаго Силва ("Пари Сен-Жермен", Франция), Марсело ("Реал", Испания), Фагнер Консерва ("Коринтианс"), Миранда ("Интер", Италия);
  • Жарым коргоочулар: Паулиньо, Филиппе Коутиньо ("Барселона", Испания), Каземиро ("Реал", Испания), Виллиан ("Челси", Англия);
  • Чабуулчулар: Неймар ("Пари Сен-Жермен", Франция), Габриэл Жезус ("Манчестер Сити", Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Тите (өз аты Аденор Леонардо Бакши)

17:35. Коста-Рика курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Кейлор Навас ("Реал" Мадрид, Испания).
  • Коргоочулар: Кристиан Гамбоа ("Селтик", Шотландия), Брайан Овьедо ("Сандерленд", Англия), Оскар Дуарте ("Эспаньол", Испания), Жанкарло Гонсалес ("Болонья", Италия), Жонни Акоста ("Рионегро Агилас", Колумбия);
  • Жарым коргоочулар: Давид Гусман ("Портленд Тимберс", АКШ), Сельсо Борхес ("Депортиво", Испания), Брайан Руис ("Спортинг", Португалия).
  • Чабуулчулар: Йохан Венегас ("Саприсса"), Марко Уренья ("Лос-Анжелес", АКШ).
  • Башкы машыктыруучу: Оскар Антонио Рамирес Эрнандес.

17:40. Бул беттеште Бразилия курама командасынан Данило жаракатынан улам катышпайт. Ал эми Коста-Рика курамасында жаракат алган оюнчулар жок.

17:52. Командалар оюн талаасына чыгууда.

17:53. Алгач Бразилиянын гимни жаңырып, андан соң Коста-Риканын гимни ойнотулат.

17:56. Мамлекеттик гимндер жаңырган соң, атаандаштар бири-бири менен учурашты, беттешти баштоого даяр.

17:58. Топту коста-рикалыктар оюнга кошушат.

18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

18:01. Алгачкы мүнөттөрдөн бразилиялыктар топко ээ болуп, чабуулду жасоого аракет көрүп жатышат.

18:02. Филиппе Коутиньо айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатты. Бирок таамай болбой топ дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.

18:03. Уренья контр-чабуулдан 2 коргоочуга жалгыз туш келди. Бразилиялыктар кыйынчылыксыз топту тосуп алышты.

18:04. Руис айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок анын чыгарып берүүсүн коргоочу кайтара алды.

18:05. Кристиан Гамбоа алыстан сокку узатты. Анын соккусу таамай болбой калды.

18:06. Бразилиялыктар талаанын орто бөлүгүндө топко ээ болуп чабуулду улантууда.

18:07. Коста-Рикалыктар Виллианды айып аянтчанын жанынан жыгытты, эми бразилиялыктар айып сокку аткарат.

18:08. Неймар айып соккуну аткарды. Анын айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна өнөктөштөрү жетишкен жок.

18:09 Неймар айып аянтчага мыкты чыгарып берүү аткарганга жетишпей калды. Коргоочулар ага каршы мыкты ойноп топту тартып алышты.

18:10. Каземиро жаракат алды көрүнөт. Ал дарыгерлердин жардамына муктаж.

18:11. Неймар атаандашын жыгытып, Бьорн Кейперстин ышкырыгы жаңырды.

18:12. Сельсо Борхес Гамбоанын мыкты чыгарып берүүсүнөн кийин сокку узаткан. Бирок сокку таамай болгон жок.

18:14. Гусман Неймарга каршы орой оюн көрсөтүп эреже бузду.

18:15. Бразилиялыктар топко көбүрөөк ээлик кылганы менен Коста-Риканын контр-чабуулдары көбүрөөк кооптуу болууда.

18:16. Давид Гусман кайрадан эреже бузду. Бразилиялыктар айып сокку аткарат.

18:17. Кайрадан коста-рикалыктар Неймарга каршы эреже бузууда. Кооптуу айып сокку аткарышат бразилиялыктар.

18:18. Неймардын айып аянтчага көтөргөн чыгарып берүүсүнө алгачкылардан болуп Навас жетти.

18:19. Бразилиялыктардын чабуулу ийгиликсиз болууда. Кейлор Навас топту тосуп алды.

18:20. Фелипе Коутиньо өнөктөшүнө жакшы чыгарып берүүгө аракет кылган, бирок анын аракети ишке ашкан жок.

18:21. Кайрадан Коста-Риканын футболчулары эреже бузууда. Жезус талаа үстүндө жатат.

18:22. Тьяго Силванын жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу. Айып аянтчанын ичинен башы менен соккусу таамай болбой калды.

18:23. Неймар сол канаттан айып аянтчага чыгаруу жасады, бирок бул жерде коста-рикалыктарга эч кандай коркунуч жок.

18:25. Жезус гол киргизди, бирок ал офсайд абалында болчу.

18:26. Неймар жакшы мүмкүнчүлүктөн колдоно алган жок. Дарбазачы менен бетме-бет кез келип, сокку узатканга жетишпей калды.

18:27. Габриэл Жезус атаандашынын айып аянтчасынан эреже бузду.

18:28. Айып аянтчанын ичинен Марсело кубаттуу соккусу узатты, бирок таамай болбой калды.

18:29. Фелипе Коутиньо алыскы аралыктан сокку узаткан. Бирок кайрадан таамай эмес.

18:30. Неймар айып аянтчадан өнөктөштөрүнө чыгарып берүү аткарган, бирок топту коргоочулар кайтарып кетти.

18:31. Габриэл Жезус офсайд абалына туш болду.

18:32. Виллиан айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

18:33. Жарым саатын ичинде бразилиялыктар топко 68 пайыз ээлик кылды.

18:34. Марселонун айып аянтчага көтөргөн чыгарып берүүсүнө өнөктөштөрү жетпей калды.

18:36. Коста-Риканын контр-чабуулу соңуна жетпей калды.

18:37. Виллиан айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок коргоочу топту талаадан сырткары чыгарды.

18:38. Коста-Рика тез контр-чабуулга чыккан, бирок Уренья офсайд абалына туш болуп, чабуул токтоду.

18:40. Марсело алыскы аралыктан дарбазанын жакынкы бурчунан сокку узатты, сокку таамай болгону менен Кейлор Навас мыкты ойноп топту тосуп алды.

18:41. Фагнер айып аянтчага жакшы чыгарып берүү аткарды, бирок өнөктөштөрү жетишпей калды.

18:43. Неймар дарбазачы менен бетме-бет келди, бирок ал офсайд абалында болгонун калыстар байкап калган.

18:44. Беттештин 1-таймы аягына жетип калды. 45 мүнөттүн ичинде Бразилия топко 67 пайыз ээ болсо, Коста-Рика 33 пайызга ээ.

18:45. Башкы калыс 1-таймга 1 мүнөт кошуп берди.

18:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга 0:0 эсебинде кетишти.

19:02. Беттештин 2-бөлүгү башталды.

19:03. Тыныгуудан кийин Бразилиялыктар оюнчу алмаштырды. Виллиандын ордуна Дуглас Коста оюнга кошулду.

19:04. Жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу, бирок ал Наваска каршы эреже бузду.

19:05. Бразилиялыктар 2 жолу эсеп санын ачканга мүмкүнчүлүк алганы менен колдоно алган жок. Жезустун башы менен узаткан соккусу дарбазанын таякчасына тийип топ Коутинього келди. Коутиньонун кубаттуу соккусун коргоочу кайтара алган жок.

19:06. Каземиро айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгач коргоочулар болду.

19:07. Дуглас Коста топту бурчтан чыгарып, айып аянтчадан өнүктөштөрүн тапкан жок.

19:08. Марсело айып аянтчага топту таамай чыгарып бере албай калды.

19:09. Коста-Рика курамасында алмаштыруу. Кристиан Боланьос Маркос Уреньяны алмаштырды.

19:10. Бразилиялыктар топко ээлик кылып, уламдан улам чабуулдарын курчутууда. Азырынча аракети ийгиликсиз болууда.

19:11. Неймар жакшы мүмкүнчүлүктөн колдоно албай калды. 5 метр аралыктан узаткан соккусун Навас кайтара алды. Паулиньо мыкты чыгарып берүү аткарган.

19:12. Фелипе Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатты, анын соккусун Навас тосуп алды.

19:13. Кристиан Боланьос каршы чабуулдан кооптуу абал жаратканга аракет кылган, бирок анын чыгарып берүүсүн коргоочулар кайтарды.

19:16. Габриэл Жезус айып аянтчанын ичине кирип келип сокку узатты. Анын соккусун коргоочулар кайтарганга жетишти.

19:17. Миранда атаандашына каршы оюн эрежесин бузууда. Калыс аны байкап оюнду токтотту.

19:19. Неймар айып аянтчанын сыртынан таамай сокку узатты. Навас топту 2 аракет жасап гана тосуп алганга аргасыз болду.

19:20. Паулиньо айып аянтчанын ичинде Неймардын чыгарып берүүсүнө жетишпей калды.

19:23. Бразилия курамасында кезектеги оюнчу алмаштыруу. Паулиньонун ордуна Роберто Фермино чыкты.

19:24. Бразилиялыктар чабуулу менен коста-рикалыктарды тынчсыздандырууда. Неймар дарбазачы менен бетме-бет кез келип сокку узатканга жетишпей калды.

19:25. Каземиро бурчтан көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап сокку узатты. Сокку таамай болду, бирок Навас өз ордунда.

19:27. Коста-Рика курамасы чабуулга чыгып, бирок ийгиликтүү боло алган жок.

19:28. Неймар алыскы аралыктан мыкты сокку аткарды. Топ дарбазанын жанынан гана өтүп кетти.

19:29. Давид Гусман талаа үстүндө жатат. Жаракат алгандай көрүнөт.

19:30. Коста-Рика курамасында оюнчу алмашты. Кристиан Гамбоанын ордуна Франсиско Кальво чыкты

19:31. Неймар айып аянтчадан сокку узатып таамай боло алган жок. Анын соккусун коргоочулар тосуп алды.

19:33. Коргоочулар айып аянтчанын ичинде Неймарга каршы эреже бузушту. Калыс Бразилияга пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берет.

19:34. Калыс видео-кайталоо системин колдонуп пенальтини жокко чыгарды. Ал Неймардын симуляция жасаганын байкады.

19:36. Башкы калыс 1 учурда 2 бразилиялык оюнчуга сары айып кагазын берди. Неймар менен Коутиньо сары кагаз менен белгиленди.

19:38. Коста-Рикада кезектеги алмашуу. Давид Гусманды оюн талаасында Ельцин Техеда алмаштырат.

19:39. Жонни Акоста сары айып кагазы менен белгиленди.

19:40. Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатты, топту Навас кыйынчылыксыз тосуп алды.

19:41. Коста-Рикалыктар Неймарга каршы эреже бузууда.

19:45. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 6 мүнөт убакыт кошуп берди.

19:46. Г-о-о-о-о-л! Коутиньо эсепти ачты. Габриэл Жезустун чыгарып берүүсүнөн кийин Коутиньонун узаткан соккусу таамай болду. Навас топту тосуп алууга үлгүрбөй калды.

19:48. Бразилияда алмаштыруу. Фернандиньо Габриэл Жезустун ордуна чыкты.

19:50. Роберто Фирмино айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Анын соккусу дарбазадан бир топ жогору өттү.

19:52. Г-о-о-о-л! Беттештин акыркы мүнөтүндө Неймар эсепти 2:0 кылды. Неймар менен Коста бирге чабуулга чыгып, Костанын айып аянтчадан Неймарга чыгарып берүү жасады. Неймар Наваска тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

19:54. Беттеш жыйынтыкталды. Муну менен Бразилия 2 беттеште 4 упай топтоду. Ал эми Коста-Рика курамасы 0 упай менен калды.

Бразилия-Коста-Рика беттешиндеги урунтуу учурлар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kilim
2018-06-22 18:01:19
Бразилия
+1
Rasul94
2018-06-22 18:52:28
Мен ушул чемпионатта Бразилияга куйормандык кылып атам. Негедир конулго толук ойношо албай атат эми ойноп кетер. Алга Бразилия. Финалдан кутом буйруса
-1
Gukush8993
2018-06-22 21:26:07
Rasul94,мен да ушул команданы колдоп жатам
0
Chungyz
2018-06-22 19:05:53
Коста Рика алга
0
johaaaa
2018-06-22 19:21:25
Бразилияга болеть этип аттым эле жакшы ойношо албай жатат
0
Jazdyn_tany
2018-06-22 19:42:23
Коста Риканын дарбазачысы күчтүү экен...
0
Rasul94
2018-06-22 19:50:15
Байкуш коутинио ишке жарап атат
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-22 19:54:35
2:0 Неймар экинчи голду киргизди
+1
Rasul94
2018-06-22 19:58:23
Дуглас костадан голдук пас
Неймардан жакшынакай гол.
Жакшыы эми достор чипсыдан жееп Исландияны колдоп койолу
-2
Aman0301
2018-06-22 20:02:42
Нигерия менен Исландия тен чыкса жакшы болмок эле
-1
Edward.14
2018-06-22 20:44:14
Коутиньо крассавчик!
+2
vikidiki
2018-06-22 21:29:38
Неймар Кака, Роналдиньолрго жетпейт экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан