Чүйдө жанына граната алып жүргөн адам кармалды

Чүйдө жанына граната алып жүргөн адам кармалды. Мындай маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан кечээ, 21-июнда болжол менен саат 20:30дар чамасында Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынан 27 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

"Кармалган учурда жанынан "Ф-1" үлгүсүндөгү граната табылган. Бул факт Аламүдүн РИИБине катталып, жарылуучу зат экспертизага жиберилди. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан