Мохаммед Салахка Чечен Республикасынын ардактуу атуулу наамы берилди

Белгилүү египеттик футболчу Мохаммед Салахка Чечен Республикасынын ардактуу атуулу наамы берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров 22-июнь күнү Египет курама командасынын жана "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Мохаммед Салахка Чечен Республикасынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу боюнча буйрукка кол койду.

Египет курама командасынын урматына уюштурулган салтанаттуу кечеде Кадыров Салахка буйруктун көчүрмөсүн жана төш белгини ыйгарган.

"Көптөгөн футбол сүйүүчүлөрү дүйнөдөгү эң мыкты оюнчулардын бирин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Келечекте Египет курама командасы менен "Ахмат" футболдук клубу жолдоштук беттеш өткөрөт деп терең ишенем", - деп билдирген Кадыров.

Ал эми Салах өлкө башчысына аларга түзүп берген мыкты шарттар үчүн жалпы кураманын жана өлкөнүн атынан ыраазычылыгын билдирген.

Айта кетсек, Египет курама командасы 2 жолу Орусия курамасынан жана 1 жолу Уругвай курамасынан утулгандан кийин плей-оффко чыга албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mister.ailasyz
2018-06-23 10:23:56
Мохаммед эмес, Мухаммед кыргызча эле жазгыла.
-8
pyeon hwa
2018-06-23 10:41:42
mister.ailasyz,
Ысым которулбайт!
+5
Avtandil.
2018-06-23 14:45:23
mister.ailasyz, Алмазбек Атамбаев Кутузовдорду которду эле кыргыз деп. Которулбай турган создор бар.
+1
i1urp
2018-06-23 12:17:03
Рамзан Кадыровдун арабтарга болгон кошоматчылыгы бутпой кодуго. Болбосо Немарга деле берип койбойт беле.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан