Аргентина бийлик өкүлдөрү хорватиялык жаранды сабаган күйөрмандарды депортациялоону суранышты

Аргентина бийлик өкүлдөрү хорватиялык жаранды сабаган күйөрмандарды депортациялоону суранышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Аргентинанын Коргоо министрлиги хорватиялык күйөрманды сабаган 4 жарандын аты-жөнүн тактады. Бийлик өкүлдөрү орусиялык кесиптештерин аларды мындай мыйзам бузгандыгы үчүн өз өлкөсүнө депортациялануу суранышууда.

"Биз Орусиянын бийлик өкүлдөрүн окуяга катышкан футбол сүйүүчүлөрүн камап жана Аргентинага депортациялоону суранып жатабыз. Алардын тартылып калган видео аркылуу тактадык", - деп билдирген Аргентинанын бийлиги.

Эскерте кетсек, 22-июнга караган түнү өткөн Хорватия-Аргентина беттешинде Хорватия курама командасы 3:0 эсеби менен жеңишке жетишкен. Оюндан кийин стадиондун аймагында аргентиналык күйөрмандар хорватиялык күйөрманды ур-токмокко алышканы тууралуу маалымат тараган.

Аргентиналык күйөрмандар хорватиялык жаранды сабашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-06-23 11:16:04
Мыйзамды сыйлаш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан