
АКШда 32 жылдан соң жаш кызды өлтүргөн кылмышкерди тапканга салфетка жардам берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, АКШнын Вашингтон штатында мындан 32 жыл мурун катталган кылмыш ишинин бетин ачканга салфетка жардам берди.
Маалыматка ылайык, 1986-жылы 12 жаштагы Мишеллы Уэлч сейилдеп жүргөн кезинде жоголуп кеткен. Көп өтпөй анын жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кыз зордукталганы, андан соң башына катуу буюм менен чаап өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Ал эми 2006-жылдын май айында экспертиза учурунда топтолгон материалдардан кызды өлтүргөн эркек адамдын ДНКсы белгилүү болгон. Бирок 12 жылдан кийин гана адистер дал ушундай ДНКга ээ болгон ага-инини табышкан.
4-июнь күнү шектүүлөрдүн бири Гэри Хартмендин артынан көзөмөл коюлган. Кийинки күнү Гэри өзүнүн кесиптеши менен ашканага барып тамактанган. Ал эми ишти алып барып жаткан адистер анын колдонгон салфеткасын таап экспертиза жүргүзүп кызды өлтүргөн адам Хартмен экенин аныкташып, кылмышкерди камакка алышкан.
22-июнь күнү 66 жаштагы кылмышкерге "зордуктоо" жана "адам өлтүрүү" беренелери боюнча күнөө коюлган.