Спорт оюндарынын падышасы болгон футбол дүйнөсүндө 4 жылда бир келчү майрам болгон Дүйнө чемпиондугу Орусияда өтүп жаткан чагы. Дүйнө жүзү назар салып турган бул ири масштабдагы иш-чарадан Кыргыз футбол сүйүүчүлөрү да четте калган жок.
Орусияда Дүйнө биринчилигинин өтүп жатышы Кыргыз футбол сүйүүчүлөрү үчүн өзүнүн мыкты оюнчуларын, курама командаларын көрүп, алардын оюнуна жанынан баа берүүгө мүмкүн болду. Дал ушундай мүмкүнчүлүктү футбол күйөрманы Чыңгыз Абыкеев колдон чыгарган жок.
Окуучу кезинен футбол ойноого кызыккан Абыкеев үчүн бул чемпиондуктун Орусияда өтүшү кыялын орундатууга жардам берген.
"2018-жылы Дүйнө биринчилиги Орусияда өтөт деген жаңылыкты уккандан тарта эле ага даярданып баштагам. Ушундай дүйнөлүк масштабадагы футбол майрамы жакынкы өлкөдө өтүп жатса, барбай калуу мен үчүн кыялдан баш тартуу менен барабар болчу", - деп билдирди футбол сүйүүчүсү.
Португалия улуттук курама командасына, "Реал Мадрид" футболдук клубуна жана Криштиану Роналдуга күйөрмандык кылган Чыңгыз Абыкеев Дүйнө чемпиондугуна барып келиш үчүн жалпы канча каражат кеткенин айтуудан баш тартты.
"Мен Орусиянын Москва, Ростов-на-Дону, Сочи, Волгоград, Брянск шаарларында болдум. Негизи Волгоград шаарында өтө турган Тунис-Англия беттешине эле билет алган болчумун. Бирок шаарларды кыдырып жүрүп ийгилик жылмайып "Ростов Аренада" өткөн Бразилия-Швейцария беттешине да күбө болгонго жетиштим. Стадиондун ичинде оюн учурунда болгон маанайды толкундоолорду сөз менен жеткире албайм. Бул иш-чарага барып келгенге жалпы канча каражат кеткенин айта албайм, жубайым ачууланат", - дейт ал.
Футбол сүйүүчүсү бул спорттук майрам жогорку деңгелде уюштурулганын жана ага жаккан көрүнүштөргө токтолду.
"Баргандан келгенге чейин бир дагы кыйынчылыкка кабылган жокмун. Эң негизгиси бул өзүңдүн маршрутуңду так түзүп алуу экен. Мындан сырткары эгерде сен атайын күйөрмандык паспортко ээ болсоң шаар ичиндеги жана шаар аралык поезд, автобус каттамдары бекер экен. Ар бир жагдай кылдат ойлонуштурулуп мыкты деңгелде уюштурулуптур. Буга жараша оюн көрүүгө барган ар кайсы улуттун өкүлдөрү өзүнүн курама командаларына жан тартып, алдыга сүрөп турушту. Ар бир оюн өткөндө шаарларда күйөрмандар фестивалдары уюштурулуп чоң экрандар орнотулган. Дал ошол экрандардан көрүүчүлөр оюнга күйөрмандык кылып жатышты. Мага Тунистен келген күйөрмандар абдан жакты, мыкты уюшулган күйөрмандар экен. Ырдаган ырлары да кулакка жагымдуу".
Ошондой эле анын айтымында, ыктыярчылар да эң мыкты даярдыктардан өтүшкөн.
"Оюн болуп жаткан ар бир шаардын көчөлөрүндө ыктыярчыларды көрүүгө болот. Алар ким болбосун кайсы жакка барыш керек экендигин айтып, көрсөтмөлөрдү берип, мыкты маанай каалап көңүлдү көтөрүп жатышты. Өзүмдү сүйүктүү курама командамдын оюнуна стадион ичинен күбө боло алган жокмун, анткени билеттер жок экен. Ал эми оюн алдында сатылган билеттердин баасы өтө эле кымбат болуп кетти. Антсе да жүздөгөн күйөрман менен стадион сыртынан Португалия улуттук курама командасына жан тартып турдум", - деди Абыкеев.
Мындан сырткары футбол күйөрманы Кыргыз улуттук курама командасы да Дүйнө чемпиондугунда ойноп каларына ишенерин жана биздин курама мыкты оюндарды көрсөтүп келе жатканын билдирди.