Олимпиада оюндарынын катышуучусу, бир нече жолку Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык турнирде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Тыныбекова катышкан "Chine Open" аттуу эл аралык турнир Кытайдын Тайюань шаарында 22-23-июнь күндөрү болуп өттү.
"Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмак ченинде күч сынашып коло медалга ээ болду. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилигинде аталган спорттук иш-чарага 3 балбан кыз барган. Толук маалыматты алар сапардан кайтып келген соң таратабыз", - деди агенттиктен.