Бүгүн, 23-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагындагы беттештер уланат. Анда Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда Бельгия менен Тунис курамалары кез келишет. Беттештин башкы калысы АКШлык Жейр Марруфо болмокчу.
17:35. Бельгия курамасынын тизмеси:
17:39. Тунис курамасынын тизмеси:
17:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Азыр эки команданын мамлекеттик гимндери жаңырат. Алгачкы гимн Бельгияныкы болот.
17:55. Айта кетсек, Бельгия курамасы бул беттеште жеңишке жетсе плей-офф баскычына өтө алат. Азырынча Бельгия курамасынын капчыгында 3 упай бар.
17:57. Командалар учурашып беттешти баштоого даяр.
17:58. Алгач топту оюнга Бельгия курамасы кошот.
18:00. Калыс ышкырып 1-таймга старт берди.
18:01. Алгачкы мүнөттөрдөн тунистик футболчулар оюн эрежесин бузуп, бельгиялыктар айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алышты.
18:02. Лукаку дарбазачы менен бетме-бет кез келди, бирок бельгиялык футболчу сокку узатканга жетишкен жок.
18:03. Тома Менье айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Бирок сокку кубаттуу болбой дарбазачы кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
18:04. Тунистин оюнчулары Азарды айып аянтчанын ичинен жыгытып бельгиялыктар пенальти аткарат.
18:05. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Пенальтини Эден Азар аткарды. Анын соккусун Фарку Бен-Мустафа тосуп алганга үлгүргөн жок.
18:06. Калыстын ышкырыгы жаңырып Тунистин чабуулу токтотулду. Тунистик футболчу офсайд абалында болгон.
18:07. Гол өткөргөн соң Тунис курамасы дароо чабуулга чыгышты. Азырынча аракети ийгиликсиз.
18:08. Анис Бадри айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгач Тибо Куртуа болду.
18:09. Тунистик футболчу талаанын үстүндө жатат. Ага каршы Азар оюн көрсөткөнгө үлгүргөн.
18:10. Саиф-Эддин Хауи жаракат алып азырынча талаанын сыртынан медициналык жардам алууда.
18:11. Лукаку Азарга айып аянтчага мыкты чыгарып берүү жасаган. Азат топту кабыл алып бирок жакшы сокку узата албай калды.
18:12. Тунистик футболчулар чабуулда, азырынча жасаган аракети ийгиликтүү болбой жатат.
18:13. Ферджани Сасси сары айып кагазы менен белгиленди.
18:14. Янник Карраско айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Бирок дарбазачы анын соккусун кыйынчылыксыз тосуп алды.
18:15. Г-о-о-о-л! Лукаку айырмаланып эсепти 2:0 кылды. Ал Мертенстин чыгарып берүүсүнөн кийин дарбазачы менен бетме-бет кез келип таамай соккусу менен дарбазачыга мүмкүнчүлүк берген жок.
18:16. Бельгиялыктар эреже бузуп, тунистик футболчулар айып сокку аткарат.
18:17. Г-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Дилан Бронн айып аянтчага көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттап эсеп санын өзгөрттү.
18:18. Тунис кайрадан дароо чабуулга чыгып, бирок ал ийгиликтүү болгон жок.
18:19. Бельгия курамасы контр-чабуулга чыгып, Азар айып аянтчадан кубаттуу сокку узатты. Анын соккусуна дарбазачы жетип, топту кайтара алды.
18:20. Алдервейрелд айып аянтчанын сыртынан сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
18:21. Дилан Бронн жаракат алгандай көрүнөт. Ал талаанын үстүндө жатып медициналык жардам алууда.
18:22. Дилан Бронн оюн талаасын таштады. Ал алган жаракаттан улам беттешти уланта алган жок.
18:23. Бронндун ордуна оюн талаасына Хамди Наггез чыкты.
18:24. Хазри сол канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Анын соккусу дарбазачынын колуна багытталды, Куртуа топту кыйынчылыксыз тосуп алды.
18:25. Тунис курамасы топко ээлик кылып чабуул жасоодо, азырынча алардын аракети ийгиликсиз.
18:26. Ромелу Лукаку эсепти 3:1 кылганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал дарбазачы менен бетме-бет келип сокку узатканга жетишкен жок. Топто биринчи дарбазачы болду.
18:27. Витсель айып аянтчадан сырткары сокку узаткан. Анын соккусу коргоочуга тийип оюн талаасынан чыгып кетти.
18:28. Статистикага көңүл бурсак, командалар топко 50 пайыздан ээ.
18:29. Соккулар боюнча статистикада эсеп 8:1, Бельгия көбүрөөк сокку узатууда.
18:30. Сасси айып аянтчанын чийининен сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
18:31. Хазри айып аянтчадан топту кабыл алып дарбазачы менен бетме-бет келген, бирок Хазриге коргоочулар жетип келип топту тартып алды.
18:32. Вахби Хазри кайрадан алыстан сокку узатты. Сокку таамай болгону менен Куртуа топту тосуп алды.
18:33. Тома Менье айып аянтчага жакшы чыгаруу жасаган, бирок топко алгач дарбазачы жетти.
18:34. Тунис контр-чабуулга чыгып Хазринин соккусу менен жыйынтыкталды. Хазри таамай боло алган жок.
18:35. Хазри оюн талаасында жатат. Ал жаракат алган көрүнөт.
18:36. Азарга каршы оюн эрежеси бузулду. Бельгиялыктар айып сокку аткарат.
18:37. Хазри медициналык жардамын алган соң оюн талаасына кайтып келди.
18:38. Бен-Юссеф айып аянтчанын сыртынан топту кабыл алып дароо сокку узатты. Анын соккусу таамай болгон жок.
18:39. Узатылган соккулар боюнча статистикады эсеп 9:4 Бельгия алдыда.
18:40. Сиам Бен-Юссеф жаракат алып оюн талаасынан кетет. Анын ордуна оюнга Бен Алун чыкты.
18:41. Бельгиялыктар талаанын өзүнүн бөлүгүндө ката кетирип топту алдырып жиберди. Тунистик футболчулар чабуулун улантууда.
18:42. Вертонгенге каршы эреже бузулду. Топ бельгиялыктарда.
18:43. Бельгиялыктар топко ээ болгон соң дароо чабуулга чыгууда. Алар айып аянтчага кирип барганы менен ийгиликтүү жыйынтык чыгара албай жатышат.
18:44. Топко ээлик кылуу статистикада Бельгия курамасы 53 пайыз жана 47 пайызга Тунис курамасы ээ.
18:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.
18:46. Ромелу Лукаку эсеп санын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн коё берип жиберди. Де Брюненин айып аянтчага чыгарып берүүсүнө Лукаку жетишпей калды.
18:47. Г-о-о-о-л! Эсеп 3:1. Тунистик коргоочулар ката кетирип топту алдырып жиберди, Менье айып аянтчанын ичине Лукакуга пас берди, Лукаку дарбазачы менен бетме бет келип таамай сокку узатты. Фарку Бен-Мустафа топту тосконго жетишкен жок. Бул голу менен Лукаку аалам биринчилигинде бомбардирлерди тизмесинде Криштиану Роналду менен 1-орунга чыкты.
18:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына жетти.
19:07. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм старт алды.
19:08. Лукакуга алыстан чыгарып берүү жасалган. Бирок топто алгач коргоочу болуп топту талаадан чыгарды. Бельгиялыктар топту бурчтан чыгарат.
19:09. Алдервейрелд бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттаган, бирок таамай болгон жок.
19:10. Хазри жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу, бирок калыс офсайд абалын байкаган.
19:11. Бадри алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду, сокку кубаттуу болбогондуктан Куртуа кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
19:12. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 4:1. Азар 2 коргоочуну жана дарбазачыны алдап өтүп 2-голун киргизди.
19:14. Тунис курамасы кайрадан кайра чабуулун курчутууда. Бирок бельгиялык коргоочулар мыкты оюн көрсөтүүдө.
19:16. Анис Бадри орой оюн көрсөтүп калыс эреже бузууну байкады.
19:18. Карраско айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көрсө коргоочулар топту тосуп коюшту.
19:19. Бельгия курамасында алмаштыруу. 2 голдун ээси Лукаку оюн талаасын таштап, анын ордуна Маруан Феллайни чыкты.
19:20. Тунис курамасында дагы алмаштыруу орун алды. Ферджани Сассинин ордуна Наим Слити чыкты.
19:21. Учурда Тунис курамасы топту орто бөлүктө кармап чабуул жасоо аракетин көрүүдө.
19:22. Карраско айып аянтчадан сырткары мыкты сокку узатты. Анын узаткан тобу дарбазанын жанынан өтүп кетти. Абдан кооз гол болмок.
19:23. Аксель Витцелге каршы эреже бузулду. Топко Бельгия курамасы ээ болууда.
19:25. Азар алыстан сокку узатып, бирок таамай болгон жок.
19:26. Эльес Шкири айып аянтчанын ичинен сокку узатты, бирок анын соккусун коргоочу кайтара алды.
19:27 Тунис курамасы кайрадан чабуулда, Анис Бадри сокку узатса, Куртуа аны тосуп алды.
19:28. Бельгия курамасында оюнчу алмаштыруу. Дагы 2 голдун ээси оюн талаасынан кетти. Азардын ордуна Миши Батшуай чыкты.
19:30. Боята каршылашын жыгытып оюн эрежесин бузду. Тунис айып сокку аткарат.
19:31. Вахби Хазри айып соккуну аткарып таамай боло алган жок.
19:32. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада Тунис - 51 пайыз, Бельгия - 49 пайыз.
19:33. Тунис курамасы уламдан улам чабуулга чыгып эсепти өзгөртүүгө аракет жасоодо. Бирок азырынча аракети ийгиликсиз.
19:34. Ян Вертонген жаракат алып, оюн талаасынан сырткары медициналык жардам алууда.
19:35. Калыс Мертенстин офсайд абалында болгонун көрүп, Бельгиянын чабуулун токтотууда.
19:37. Батшуаи дарбазачы менен бетме-бет келип аны алдап өткөн. Бирок анын ээн дарбазага узаткан соккусуна коргоочу жетип келип, тосуп алды.
19:38. Саифеддин Хауи жаракат алгандай көрүнөт. Учурда ал оюн талаасынан кетип, медициналык жардам алууда.
19:41. Батшуаи кайрадан мыкты мүмкүнчүлүктү колдон чыгарда. Дарбазачы менен бетме-бет келип 1 метр аралыктан дарбазанын таякчасына сокку узатты.
19:43. Батшуаи Де Брюненин чыгарып берүүсүн дароо кубаттуу соккусу менен дарбазага багыттап, дарбазачыга тийип калды.
19:45. Аксель Витцель алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок.
19:46. Бельгия курамасы топко ээлик кылып чабуулдарын шашпай баштоодо.
19:47. Бельгия курамасында алмаштыруу. Дрис Мертенстин ордуна Юри Тилеманс чыкты
19:48. Батшуаи дарбазачы менен 3-жолу бетме-бет келди, бирок калыс офсайд абалын байкап калган.
19:51. Г-о-о-о-л! Эсеп 5:1. Батшуаи өзүнүн 5-аракети менен гол киргизгенге үлгүрдү. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко жетип дароо сокку узаткан. Фарку Бен-Мустафа тосуп алууга жетишкен жок.
19:52. Беттештин негизги убактысы бүтүп, калыс 3 мүнөт кошуп берди.
19:54. Г-о-о-о-л! Эсеп 5:2. Вахби Хазри акыркы мүнөттө айырмаланганга жетишти.
19:55. Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн соңуна жетти.
19:56. Муну менен Бельгия курамасы 5:2 эсеби менен жеңишке жетип плей-офф баскычына өттү. Ал эми Тунис курамасынын тагдыры Англия-Панама беттешинен кийин чечилмекчи.