Бүгүн, 23-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "F" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Түштүк Корея менен Мексика курама командаларынын беттеши өтөт. "Ростов Арена" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы Милорад Мажич (Сербия) болмокчу.
20:50. Түштүк Корея курамасынын тизмеси:
20:52. Мексика курамасынын тизмеси:
20:54. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Кореянын гимни жаңырды.
20:56. Мексиканын гимни жаңырган соң командалар учурашып, беттешти баштоого даяр болушту.
20:58. Топту оюнга Түштүк Корея курамасы кошот.
21:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.
21:01. Мексика курамасы топту орто бөлүктөн тартып алып, учурда топко ээлик кылууда.
21:02. Кореялык футболчулар алгачкы чабуулга чыгуу аракетин көргөн, бирок чабуул ийгиликтүү болгон жок.
21:03. Ирвин Лосаного каршы оюн эрежеси бузулду. Мексикалыктар айып сокку аткарышат.
21:04. Мигель Лаюн айып аянтчага топту жеткирип берген, бирок топто алгач коргоочулар болду.
21:05. Лаюн каршылашы менен топту талашып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
21:06. Бурчтан чыгаруу аракети ийгиликтүү болгон жок.
21:07. Кореялыктар тез контр-чабуулга чыкканга үлгүрдү. Бирок коргоочулар жакшы ойноп топту тартып алышты.
21:08. Сон Ли эреже бузду. Мексикалыктар айып сокку аткарат.
21:09. Айып соккудан чыгарып берген топто алгач коргоочулар болуп топту талаадан сырткары чыгарды.
21:10. Ки Сонъен эреже бузду. Топ мексикалыктарда.
21:11. Айып соккудан чыгарылган топту Хавьер Эрнандес дарбазага багыттады. Бирок ал таамай боло алган жок.
21:12. Ли Ен кооптуу абал жаратты. Айып аянтчанын ичинен сокку узатканга аракет кылган. Бирок Лоссано бутун тосуп ага сокку узатканга мүмкүнчүлүк берген жок.
21:14. 15 мүнөттүк беттештин жүрүшүндө Мексика курамасы топко 70 пайыз ээлик кылууда.
21:15. Хесус Гальярдо айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок ага коргоочу тосколдук жаратты.
21:16. Гуардадонун айып аянтчага көтөрүлгөн тобун дарбазачы тосуп алды.
21:17. Оюндун ылдамдыгы төмөндөп калды. Азырынча топко Мексика курамасы ээлик кылып чабуул уюштурууга аракет жасап жаткан кези.
21:18. Сальседо оюн эрежесин бузуп топту атаандашына берди.
21:19. Эктор Эррера эреже бузууда.
21:20. Сон Хынмин жалгыз контр-чабуулга чыгып алгачкы соккусу менен Эдсон Альвареске тийсе, экинчи соккусу менен Мореного тийип калды.
21:21. Сон Хынмин командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
21:23. Кореянын дарбазасына пенальти орун алат. Чан Хенсу айып аянтчада колу менен ойногону үчүн калыс 11 метрлик чийинге көрсөттү.
21:24. Пенальтини Карлос Вела аткарат.
21:25. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Карлос Вела пенальтини ийгиликтүү аткарды.
21:26. Лаюн айып аянтчанын чийининен сокку узатты. Анын багыттаган тобун Чо Хену кайтара алды.
21:29. Кореялык спортчуга каршы эреже бузулду. Айып соккуну Сон Хынмин аткарат.
21:31. Сон Хынминдин соккусу кубаттуу болгону менен таамай болгон жок.
21:32. Ли Ен оюн талаасында жатып, дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.
21:33. Ли Ен оюнду улантууга даяр.
21:34. Топко азырынча мексикалыктар ээ болууда. Алар чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
21:35. Кореялыктар топту тартып алып, контр-чабуулга чыгып аны ийгиликсиз аткарды.
21:36. Ирвин Лосано офсайд абалында болуп калды. Жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу.
21:38. Сон Хынмин мыкты абалдан колдоно алган жок. Анын чыгарып берүүсүн Очоа тосуп алды.
21:41. 40 мүнөттүк беттештин жүрүшүндө мексикалык футболчулар топко 73 пайыз ээ болду.
21:42. Лосано сол канаттан айып аянтчага кирип келип кубаттуу сокку узатты. Топ дарбазадан бир аз жогору өттү.
21:43. Соккулар боюнча статистикада 6:4 эсеби менен Кореянын футболчулары алдыда келе жатат.
21:44. Сон Хынмин кубаттуу сокку аткарып, анын соккусун коргоочулар тосуп алды.
21:45. Калыс 1-таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.
21:46. Велага каршы эреже бузулду. Айып соккуну Лаюн аткарат.
21:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм соңуна чыкты.
22:03. Калыс 2-таймга старт берди.
22:04. Мексика курамасынын чабуулу ийгиликсиз болду. Кореялыктар мыкты коргонуп жатышат.
22:07. Лосано алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок.
22:08. Хавьер Эрнандес алыскы аралыктан таамай боло албады.
22:09. Мун Сон Мин айып аянтчадан жакшы сокку аткарды. Топ коргоочуга тийип талаадан чыгып кетти.
22:11. Хавьер Эрнандеске каршы эреже бузулду. Мексикалыктар айып сокку аткарат.
22:12. Андрес Гуардадо айып аянтчага топту жеткирип берди. Топто алгач дарбазачы болуп аны тосуп алды.
22:14. Талаанын орто бөлүгүндө Велага каршы эреже бузулду.
22:15. Ким Енгвон эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
22:16. Андрес Гуардадонун алыстан узаткан соккусун дарбазачы кайтара алды. Кореянын айып аянтчасында кооптуу абалдар көп орун алууда.
22:17. Лосано оң канаттан чабуулга чыгып айып аянтчага кирип баруу аракетин көргөн. Бирок бул жерде коргоочу мыкты ойноп топту тартып алды.
22:18. Лосано кайрадан кооптуу абал жаратууда. Дарбазачы менен бетме-бет кез келди, анын артынан коргоочу жетип келип топту тартып алды.
22:19. Карлос Вела айып аянтчанын сыртынан сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.
22:20. Ен Ли эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
22:21. Корея курамасында алмаштыруу орун алды. Ку Жачхолдун ордуна Сынву Ли оюн талаасына чыкты.
22:22. Г-о-о-о-л! Эсеп 0:2. Хавьер Эрнандес (Чичарито) айып аянтчага кирип келип алгач коргоочуну алдап андан соң дарбазанын жакынкы бурчуна сокку узатып эсепти өзгөрттү.
22:25. Мексикалыктарда оюнчу алмаштыруу орун алды. Андрес Гуардадонун ордуна Рафаэль Маркес чыкты.
22:26. Хван Хичхантын соккусу кубаттуу болбой Очоа кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
22:27. Мексикалыктарда алмаштыруу. Ирвинг Лосанонун ордуна Жезус Мануэль Корона чыкты.
22:29. Сынву Ли Лаюнга каршы орой ойноп эреже бузганы үчүн сары айып кагазын алды.
22:32. Сон Хынмин коргоочулардын катачылыгынан улам топ менен айып аянтчага кирип келип, бирок сокку узатканга жетишпей калды. Коргоочулар топту кайрадан кайтара алды.
22:33. Мексика курамасында алмаштыруу орун алды. Карлос Веланын ордуна Жовани Дос Сантос оюнга кошулат.
22:34. Корея курамасында дагы алмаштыруу болду. Ен Чон Сон Мин Мундун ордуна чыгат.
22:37. Ен Чон эреже бузуп сары айып кагазын алды.
22:40. Алмаштыруу орун алды. Корея курамасында Мин-Ву Кимдин ордуна Чхоль Хон чыкты.
22:43. 85 мүнөттүн жүрүшүндө Мексика курамасы топко 59 пайыз ээлик кылды.
22:44. Учурда топ мексикалыктарда, алар чабуул жасоо аракетин көрүп жатышат.
22:46. Мин Сон алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок. Кореялыктардын чабуулдары аягына чыкпай жатат.
22:47. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 5 мүнөт кошуп берди.
22:48. Ким Енгвон атаандашына каршы эреже бузду. Айып соккуну мексикалыктар аткарат.
22:49. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:2. Сон Хынмин айып аянтчанын сыртынан мыкты сокку аткарып эсеп санын өзгөрттү. Очоа топту тосуп алууга жетишпей калды.
22:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти. Мексика 2:1 эсебинде Түштүк Кореяны утуп алды.
22:53. Бул жеңиш менен Мексика курамасы "F" тайпасында 6 упай топтоп плей-офф баскычына чыкты. Ал эми Түштүк Корея курамасы упайсыз калып плей-офф үчүн күрөштү токтотту.