Тони Кроос акыркы мүнөттө кооз гол киргизип командасына жеңиш алып келди

24-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда "F" тайпасында беттештер уланат. Анда Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда Германия-Швеция беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Шимон Марчиняк (Польша) болмокчу.

23:51. Германия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Мануэль Нойер ("Бавария").
  • Коргоочулар: Жером Боатенг, Йозуа Киммих ("Бавария"), Маттиас Гинтер ("Боруссия" Мёнхенгладбах), Йонас Хектор ("Кельн"), Антонио Рюдигер ("Челси", Англия);
  • Жарым коргоочулар: Юлиан Дракслер ("Пари Сен-Жермен", Франция), Тони Кроос ("Реал", Испания), Себастьян Руди ("Бавария"), Марко Ройс ("Боруссия" Дортмунд).
  • Чабуулчулар: Томас Мюллер ("Бавария"), Тимо Вернер("Лейпциг").
  • Башкы машыктыруучу: Йоахим Лёв (Германия)

23:54. Швеция курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Робин Ольсен ("Копенгаген", Дания)
  • Коргоочулар: Микаэль Лустиг ("Селтик", Шотландия), Виктор Линделеф ("Манчестер Юнайтед", Англия), Андреас Гранквист ("Краснодар", Орусия), Людвиг Аугустинссон("Вердер", Германия),
  • Жарым коргоочулар: Эмиль Форсберг ("Лейпциг", Германия), Виктор Классон ("Краснодар", Орусия), Албин Экдаль ("Гамбург", Германия), Себастьян Ларссон ("Халл", Англия),
  • Чабуулчулар: Ола Тойвонен ("Тулуза", Франция), Маркус Берг ("Аль-Айн", БАЭ),
  • Башкы машыктыруучу: Роберто Мартинес (Испания).

23:57. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Германиянын, андан соң Швециянын гимни жаңырды.

23:58. Топту оюнга Германия курамасы кошот.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

00:01. Мюллер сол канаттан айып аянтчага топту жеткирип берүү аракетин көргөн, бирок анын чыгарып берүүсүнө өнөктөштөрү жеткен жок.

00:02. Вернер жакшы мүмкүнчүлүктү коё берди. Анын ачык дарбазага узаткан соккусун коргоочулар тосуп калышты.

00:03. Германиялык футболчулар алгачкы мүнөттөрдөн топко ээлик кылып чабуулдарын ийгиликтүү аткаруу аракетин көрүүдө.

00:04. Йонас Хектор алыскы аралыктан сокку узатты, бирок анын соккусун коргоочулар тосуп калышты.

00:05. Форсберг айып аянтчага кирүү аракетин көрүп топту алдырып жиберди.

00:06. Юлиан Дракслер топту айып аянтчага чыгарган, бирок топко эч ким жеткен жок.

00:07. Ройс айып аянтчага топту чыгарып кооптуу абал жараткан. Топко коргоочу жетип, аны аянттан сырткары чыгарды.

00:08. Ройс топту бурчтан чыгарып айып аянтчадан өнөктөштөрүн тапкан жок.

00:09. Йонас Хекторго карата эреже бузулду. Топ германиялыктарда.

00:10. Пастар боюнча статистикада Германиялыктар - 110, Швециялыктар - 6

00:12. Швециялыктар каршы чабуулга чыгып кооптуу абал жаратышты. Маркус Берг Нойер менен бетме-бет чыгып сокку узатканга жетишпей калды. Нойер жогорку чеберчиликти көрсөтүүдө.

00:13. Швециялыктар топко ээ болуп төмөнкү ылдамдык менен чабуулун баштоодо.

00:15. Германия курамасы топту тартып алып акырындан чабуулга чыгууда. Азырынча швециялык коргоочулар мүмкүнчүлүк бербей жатат.

00:16. Талаанын орто бөлүгүндө германиялыктар эреже бузууда. Топ швециялыктарда.

00:17. Маркус Берг кайрадан Нойер менен бетме-бет чыккан. Бирок соккусу таамай болгон жок.

00:18. Руди алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло албай калды.

00:19. Юлиан Дракслер атаандашынын айып аянтчасында дарбазачыга каршы эреже бузду.

00:20 Мюллер айып аянтчага кирип келип коргоочу менен топту талашууда ийгиликтүү кыймыл жасай алган жок.

00:21. Топ дагы эле Германия курамасында.

00:22. Тони Кроостун айып аянтчага көтөргөн тобун коргоочу талаадан чыгарды.

00:23. Кроос топту бурчтан кошуп, айып аянтчадан өнөктөштөрүн тапкан жок.

00:24. Рудиге каршы орой оюн орун алган. Руди азырынча талаа үстүндө дарыгерлердин жардамын алууда.

00:25. Руди топту талашып жаткан учурда атаандашынын тизеси анын мурдуна тийип кеткен.

00:26. Руди талаанын сыртынан медициналык жардам алууда.

00:27. Швеция курамасы атаандашы 10 оюнчу менен ойноп жаткан учурдан пайдаланып чабуулга чыкты.

00:28. Швециялыктардын айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна алгач Хектор жетип талаадан сырткары чыгарды.

00:29. Талаанын орто бөлүгүндө Мюллерге каршы эреже бузулду.

00:30. Нойердин алдыга чыгарган тобуна Хектор жеткен, бирок офсайд абалында болуп калды.

00:31. Себастьян Руди оюнду уланта алган жок. Илкай Гюндоган аны алмаштырды.

00:32. Г-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Швециялыктар топту орто бөлүктөн тартып алып дароо чабуулга чыкты. Ола Тойвонен Нойер менен бетме-бет келип таамай соккусу менен эсепти 0:1 кылды.

00:33 Топко ээлик кылуу боюнча статистикада: Германия - 77 пайыз, Швеция - 23 пайыз.

00:34. Германиялык футболчу оюн эрежесин бузду. Топ швециялыктарда.

00:35. Германиялык коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп топту алышты. Германия чабуулда.

00:36. Томас Мюллер айып аянтчага жакшы чыгарып берүү жасаган, бирок топту коргоочулар тартып алды.

00:37. Соккулар боюнча статистикада Германия 5, Швеция 3.

00:38. Томас Мюллер жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Анын узаткан соккусун дарбазачы кайтара алды.

00:39. Киммих айып аянтчага топту чыгарган, бирок өнөктөштөрү топко жеткен жок.

00:40. Швециялыктардын чабуулу ийгиликсиз болду. Топту Форсберг оюн талаасынан чыгарып алды.

00:41. 40-мүнөттүн жүрүшүндө Германия топко 75 пайыз ээлик кылса, Швеция 25 пайыз.

00:42. Юлиан Дракслер атаандашынын айып аянтчасында эреже бузду.

00:43. Швеция курамасы контр-чабуулга чыгып топту алдырып жиберүүгө үлгүрдү.

00:44. Боатенг алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло албай калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

00:45. 1-таймдын негизги беттеши соңуна жетти. Калыс 2 мүнөт кошту.

00:46. Антонио Рюдигер эреже бузду. Швециялыктар айып сокку аткарат.

00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.

01:02. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм старт алды.

01:03. Тыныгуудан кийин Германия курамасында алмаштыруу орун алды. Дракслердин ордуна оюнга Марио Гомес кошулду.

01:04. Алгачкы мүнөттөрдөн Германия топко ээлик кылып чабуулга чыкты.

01:05. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Вернердин айып аянтчага аткарган чыгарып берүүсүн Марко Ройс дарбазага таамай багыттап эсепти өзгөрттү.

01:06. Марио Гомес кайрадан кооптуу абал жаратты. Ройстун чыгарып берүүсүнө Гомес жетишпей калды.

01:07. Тони Кроос алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду, бирок коргоочулар топту тосуп алууга жетишти.

01:08. Томас Мюллер 11 метрлик чийиндин жанынан сокку узатып таамай боло алган жок.

01:09. Лустиг эреже бузуп сары айып кагазын алды. Топ Германия курамасында.

01:10. Германиялыктардын чабуулу ийгиликсиз болду. Ройстун чыгарып берүүсү таамай болбой талаадан сыртка чыгып кетти.

01:11. Соккулар боюнча статистикада эсеп саны 10:4. Германия алдыда.

01:12. Тимо Вернер жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок калыс офсайд абалын байкап чабуулду токтотту.

01:13. Хектор айып аянтчанын ичинен сокку узатканга жетишти. Анын соккусун дарбазачы тосуп алганга жетишип калды.

01:14. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада Германия - 76 пайыз, Швеция - 24 пайыз.

01:15. Марио Гомес каршы чабуулга чыгып 2 коргоочуну алдап өтө алган жок.

01:16. Швеция курамасы топко ээлик кылып чабуулга чыкты.

01:17. Марко Ройс айып аянтчага чыгарылып берген топту дарбазага кооз ыкма менен сокку узата албай калды.

01:18. Жером Боатенгдин айып аянтчага чыгарып берген тобун коргоочулар тосуп талаадан сыртка чыгарды.

01:19. Кроос алыскы аралыктан сокку узатып коргоочуга тийип калды. Топ дагы эле германиялыктарда.

01:20. Германиялык футболчулардын чабуулу азырынча ийгиликтүү болбой жатат.

01:21. Тони Кроос алыстан сокку узатты. Анын соккусу коргоочуга тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Германиялыктар топту бурчтан чыгарат.

01:22. Тони Кроостун бурчтан чыгарылган тобунда алгач коргоочулар болду. Топ швециялыктарда.

01:24. Соккулар боюнча статистика 12:4 болду, Германия алдыда.

01:25. Марио Гомес дарбазачы менен бетме-бет келип, анын 5 метр аралыктан узаткан соккусу дарбазадан жогору өттү.

01:26. Тони Кроос катачылык кетирип топту атаандашына берип алды. Швециялыктар чабуул жасоого аракеттенип жатышат.

01:27. Марио Гомес офсайд абалында болуп калды.

01:28. Боатенг атаандашын жыгыткан үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

01:29. Швециялык футболчу колу менен ойноп германиялыктар айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.

01:30. Тони Кроостун айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна Гомес жетишпей калды. Коргоочу топту айып аянтчадан чыгарды.

01:31. Швеция курамасында алмаштыруу орун алды. Виктор Клаэссондун ордуна Жимми Дурмаз оюнга кошулду.

01:32. Швециялыктар топту бурчтан кошконго мүмкүнчүлүк алды. Аны Аугустинссон аткарат.

01:33. Бурчтан көтөрүлгөн топту Форсберг жыйынтыктап таамай боло албай калды. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.

01:34. Берг чабуулдан эреже бузууга жол берди. Калыс аны байкап топ германиялыктарга кайтып келди.

01:35. Щвеция курамасында дагы бир оюнчунуалмаштыруу орун алды. Жон Гвидетти Ола Тойвонендин ордуна чыкты.

01:36. Томас Мюллер айып аянтчадан атаандашын жыгытып эреже бузду.

01:37. Тибо Вернер айып аянтчанын ичинен Ройстун чыгарып берген тобун дарбазага багыттады. Бирок ал таамай боло алган жок.

01:38. Боатенг атаандашын жыгытып эреже бузду. Швециялыктар айып сокку аткарат.

01:39. Калыс жардамчылары менен сүйлөшүп Боатенгге 2-сары айып кагазып ыйгарды. Боатенг оюн талаасын таштайт.

01:40. Швеция курамасы айып сокку жана топту бурчатан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн колдоно алган жок.

01:41. Эмдуиль Форсберг топту бурчтан чыгарып таамай боло алган жок. Топ талаадан сырткары чыкты.

01:42. Маркус Берг офсайд абалында болду. Калыс аны көрүп чабуулду токтотту.

01:43. Германиялыктарда оюнчу алмашты. Йонас Хекторжун ордуна оюнга Юлиан Брандт кошулду.

01:44. Марио Гомес мыкты мүмкүнчүлүк менен колдонун айып аянтчага көтөрүлгөн топту дарбазага таамай багыттады. Бирок дарбазачы анын соккусун кайтарганга жетишип командасын сактап калды.

01:45. Томас Мюллердин бурчтан чыгарган тобун коргоочулар тосуп алды. Топ швециялыктарда.

01:46. Швеция курамасында алмаштыруу. Маркус Бергдин ордуна оюн талаасына Айзек Кисе Телен чыкты.

01:47. Беттештин негизги убактысы соңуна чыкты. Калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.

01:48. Кисе Телен дароо эреже бузуу менен айырмаланды. Топ германиялыктардын карамагында.

01:49. Юлиан Брандт мыкты сокку менен айырмаланды Анын соккусу дарбазанын таякчасына тийип оюн талаасынан чыгып кетти.

01:51. Швециялык коргоочу эреже бузуп германиялыктар айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.

01:52. Г-о-о-о-о-о-о-о-о-о-о-л!!!!. Тони Кроос акыркы мүнөттө командасын тең чыгуудан сактап калды. Ал айып соккуну мыкты аткарып эсеп санын 2:1 кылды.

01:54. Себастьян Ларссон эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.

01:55. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш Германиянын 2:1 эсебинде жеңиши менен аяктады.

01:56. Бул жеңиш менен Германия курамасы "F" тайпасында 3 упайга ээ болуп 2-орунда жайгашты. Ал эми Швеция 3-орунду ээледи.

Германия-Швеция
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
rysik79
2018-06-24 00:04:34
Германия саят!!!
-1
Acord
2018-06-24 00:14:11
Гермения алга
-1
zloyparen
2018-06-24 00:47:02
Германия, Италия менен Испаниянын тагдырын кайталайт өндөнүп калды.(
0
Pchelka85
2018-06-24 00:52:28
zloyparen, ошондой болчудай
Че то бул чемпионатта фовариттердин баары разочаровывают..
-2
Jazdyn_tany
2018-06-24 00:48:41
Швеция утса экен!
0
Aikaaaa
2018-06-24 01:07:28
Швеция алгаааа!!!
-2
Acord
2018-06-24 01:55:56
Урааа
-4
Kanybek121195
2018-06-24 01:59:11
Реалдын игроктору бариби өзүнүн уровенин көрсөтүп жатышат
+3
Ka4okrys
2018-06-24 01:59:48
Тони Кроос азамат чыныгы оюнчу
+7
Saginam
2018-06-24 01:59:56
Красавчик Кроос
+6
Zainidin96
2018-06-24 02:01:40
Эртен кайсыл командалар ойношот ошондо
-1
aiba-889290
2018-06-24 02:14:41
Zainidin96,
Англия-Панама
Япония-Сенегал
Польша-Колумбия
+1
ilgizk
2018-06-24 02:02:57
Кросс өзүнүн айыбын жууп кетти
+1
Arsenal93.
2018-06-24 03:57:47
Судя швециянын пенальтисин алып койду кана видеоповтор
+2
Dembele84
2018-06-24 09:58:56
Германия чуть учуп кете жаздады,
-1
Rasul94
2018-06-24 10:12:27
Реалдын жигиттери ишке жарап атат.Тони Кроос красавчик
-2
ilgiz-kg01
2018-06-24 12:31:30
Ушул фанатарга тан калам силердин казанынарга Аш салып берип атабы булар кыйыны уттуда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан