Жалал-Абад облусунун аймагынан 3 адам баңгизат алып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кармалгандардын бирөө Өзбек жараны.
"Таш-Көмүр ШИИБинин милициясы жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 7-июнь күнү саат 14:00 чамасында Шамалды-Сай шаарчасынын сейил багында Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.К.ны шектүү катары токтотуп, күбөлөрдүн катышуусунда өздүк тинтүү жүргүзгөн. Анын кийиминин чөнтөгүнөн болжол менен 6-7 грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Андан 2 жума өтпөй ошол эле аймактан дагы бир баңгизатын алып жүргөн тургун кармалды. Башкача айтканда, 21-июнь күнү саат 16:00 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну 1977-жылы туулган Т.Тны Таш-Көмүр шаарынын Некрасов көчөсүндө ыкчам-малымааттын негизинде текшерген учурда анын кийип жүргөн шымынын чөнтөгүнөн жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар салмагы 25-30 грамм баңгизат алынды.
Ал эми 23-июнь күнү саат 11:30 чамасында Шамалды-Сай шаарчасында аймактык милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү Өзбек Республикасынын Самарканд облусунун Катта-Коргон районунун 1975-жылы туулган Т.Ш. аттуу тургунуна текшерүү жүргүзгөн убакта жанындагы тамекинин кутучасынан 6 грамм баңгизаты алынды. Химиялык экспертизанын жыйынтыктары көрсөткөндөй, алынган заттар гашиш экендиги аныкталды. Жогорудагы 3 факты боюнча Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.