Бүгүн, 24-июнда эртең менен Бишкектеги ресторандардын биринде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо Бишкектин Октябрь районунун Максим Горький көчөсүндө жайгашкан ресторандан чыккан.
"Маалымат боюнча, ресторандан чыккан өрт тууралуу кабар ӨКМга саат 9:25те келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 10:17де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. 4 бөлум тартылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркаган адамдар жок. Кошумча маалымат берилет", - деди ӨКМдан.