Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып 1 адам көз жумду. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-июнда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайлов айылында сүт ташыган унаа менен трактор сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен сүт ташыган автоунаанын айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган.
Учурда кырсык эмнеден улам келип чыккандыгы такталып жаткандыгын маалымат кызматы кошумчалады.