Аргентина-Хорватия беттешинен кийин Лионель Мессинин күйөрманы өз жанын кыйды

Аргентина-Хорватия беттешинен кийин Лионель Мессинин күйөрманы өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Дину Алекс Аргентина-Хорватия беттешинен кийин дайынсыз жоголуп кеткен. Көп өтпөй анын жансыз денеси Индиянын Керал штатындагы Миначил суусунан табылган. Ал үйдөн чыгып кетер алдында кат жазып кеткен.

"Бул дүйнөдө мен көргүм келген эч нерсе калган жок. Мен өлүмгө баратам. Менин өлүмүмө эч ким күнөөлүү эмес", - деп жазылган катта.

Белгилүү болгондой, бухгалтер болуп эмгектенген Алекс Мессинин чыныгы күйөрманы болгон. Ал өзүнүн кесиптештерине Месси сөзсүз түрдө хорватиялыктардын дарбазасына гол киргизерин жана Аргентина жеңишке жетишерин айткан.

"Мен анын беттешти көрүп жатканын көргөм. Ал досторуна эгер Аргентина утула турган болсо, ал башка адамдар менен сүйлөшө албай кала тургандыгын айтып жаткан", - деп билдирген маркумдун атасы.

Алекстин бөлмөсүндө каттан сырткары Аргентина курама командасынын формасы жана Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн смартфондун сыртын табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
jalguzum
2018-06-24 19:18:28
Ии байкуш кичине чыдаса болмок экен Нигерия мн ойномок. Балким ошондо женип 1/8го чыкса керек эле
+15
Saidochka
2018-06-24 19:50:00
Ушуну учун эле олуп алыш к.к беле,мээси жок.Эмне болду Эми,сен олгондон эле Аргентина чемпион болуп калдыбы.Жашоодо футболдон да маанилуу канча нерселер бар.!
+27
mateus
2018-06-24 20:13:40
Эми элестеткиле Аргентина группадан чыгып плей оффто женип финалда чемпион болсо )))
+7
lunaTik1
2018-06-24 21:40:32
mateus,
Окуп алып оло кулдум. Тообо кылдым кулгонумо(тфу тфу).
+2
tular
2018-06-24 21:24:06
Мээси жок экен....
+3
rysik79
2018-06-24 21:27:03
Мессинин кошунасы болсо тушунмокмун индус да фанат индустардан экен дааа
+2
dair_17
2018-06-24 21:29:23
Менимче бул жерде башка нерсе бар, олгон адам бухгалтер экен
+2
Akyl78.1501
2018-06-24 22:41:19
Эчтеке эмес Индияда Эл коп
-5
bond02
2018-06-24 23:48:34
«Ошол» жактан болеть эте бер эми Мессине.
+2
ulanik
2018-06-25 13:12:32
bond02,Мен жака качан келесин деп коюппу ))))
0
bekov01
2018-06-24 23:52:40
Бальким коп акчага мелдеш ойноп башка арга калбагандыр Аллах куноолорун кечирсин. а егер куйорман болгону учун еле ушундай кылса анда соз жок
+3
cholpon119966
2018-06-24 23:56:58
Ушуга ишендинерби?...фанаттар ото псих болушат, бирок бул кылган акылга сыйбайт. Бул жерде башка нерсе бар. Жеке мен ишенбейм.кантип эле ушундай болсун.
+1
borbuk
2018-06-25 01:30:27
Хорватия ны лох сезип алышкан го мессинин куйормандары, Хорватия финалга чыгат буйруса
0
Meerman
2018-06-25 08:12:56
Bir nersege katuu berilbegile Allahtan bashka. Olso ozunun shoru. Asam uchun ozunub janyn kyiyp jatsa oshol Messisi erten tozokton chyfarat beken.
+2
Mars575
2018-06-25 10:50:33
Туура кылыптыр, атын чыкпаса жер ортто.
-1
aiba.8327
2018-06-25 11:45:27
Мм. же коп акча чалып сайып койгон го букмерге....
0
Ibragim06
2018-06-25 12:01:44
Месси Роналдо деп талашкандарга таң каласыңда.Алар бизди тааныбаса, же бизге пайдасы тийбейт.же акыл үйрөтүп проблемабызды чечип бербейт.Фудболду сыртан эле ойноп көрүп койсок болбойбу.Ошолордун астына барсаң бизди тоготпосада керек алар.Аларга күйөрман болуп эмне табабыз, алардын командасы утса ошону менен бактылуу болуп калабызбы.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан