Англия Панаманы ири эсепте утуп плей-офф баскычына чыкты. Гарри Кейн 3 гол киргизип бомбардирлердин тизмесинде 1-орунга көтөрүлдү

Бүгүн, 24-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын беттештери уланат. Анда "Төмөнкү Новгород" стадионунда "G" тайпасынын алкагында Англия-Панама беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Геад Гриша (Египет) болмокчу.

17:43. Англия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Жордан Пикфорд ("Эвертон").
  • Коргоочулар: Киран Триппьер ("Тоттенхэм"), Харри Магуайер ("Лестер"), Жон Стоунс, Кайл Уолкер ("Манчестер Сити").
  • Жарым коргоочулар: Жордан Хендерсон ("Ливерпуль"), Жессе Лингард, Эшли Янг ("Манчестер Юнайтед"), Рубен Лофтус-Чик ("Челси");
  • Чабуулчулар: Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити"), Гарри Кейн ("Тоттенхэм").
  • Башкы машыктыруучу: Гарет Саутгейт (Англия).

17:50. Панама курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Хайме Пенедо ("Динамо", Румыния).
  • Коргоочулар: Эрик Давис ("Дунайска Стреда", Словакия), Фидель Эскобар ("Нью-Йорк Ред Буллз", АКШ), Михаэль Мурильо ("Нью-Йорк Ред Буллз", АКШ), Роман Торрес ("Сиэтл Саундерс", АКШ);
  • Жарым коргоочулар: Эдгар Барсенас("Тапачула", Мексика), Армандо Купер ("Универсидад де Чили", Чили), Анибаль Годой ("Сан-Хосе Эрткуэйкс", АКШ), Габриэль Гомес ("Букараманга", Колумбия), Хосе Луис Родригес ("Гент", Бельгия);
  • Чабуулчулар: Блас Перес ("Мунисипаль", Гватемала).
  • Башкы машыктыруучу: Эрнан Дарио Гомес (Колумбия).

17:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Алгач Англиянын, андан соң Панаманын мамлекеттик гимни жаңырат.

17:57. Командалар учурашып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

17:58. Оюнга топту алгач Англия курамасы кошот.

18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.

18:01. Алгачкы мүнөттөрдөн англиялыктар чабуулга чыгып, атаандашынын айып аянтчасынан эреже бузду.

18:02. Жейси Лингард менен Гомес сүзүшүп медициналык жардам алышты.

18:03. Эдгар Барсенас алыстан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.

18:04. Анибал Годой айып аянтчанын ичине кирип сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.

18:05. Англиялык коргоочулар эреже бузуп, топ панамалыктарда.

18:06. Трипьер оң канаттан чабуулга чыгып командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

18:07. Г-о-о-о-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Жон Стоунс бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап эсеп санын ачты.

18:09. Талаанын орто бөлүгүндө Армандо Купер атаандашына каршы орой ойногону үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

18:10. Панама курамасы контр-чабуулга чыгып кооптуу абал жаратты. Барсенастын айып аянтчага көтөрүлгөн тобунда алгач коргоочулар болду.

18:11. Гарри Кейн офсайд абалында болуп, калыс чабуулду токтотту.

18:12. Азырынча Панама курамасы топко ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

18:13. Англиялык футболчу Роман Торреске каршы эреже бузганга үлгүрдү.

18:14. Эдгар Барсенас айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, англиялыктарды тынчсыздандырды. Анын дарбазага узаткан соккусу таякчанын жанынан өтүп кетти.

18:15. Стерлинг эреже бузду. Панамалыктар айып сокку аткарышат.

18:16. Роман Торрес жаракат алып, талаадан сырткары медициналык жардам алууда.

18:17. Торрес кайрадан оюнга кайтып келди.

18:18. Англиялыктар топко ээлик кылып чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

18:19. Роман Торрес Стерлингге каршы айып аянтчанын ичинен эреже бузду. Калыс англиялыктарга пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берет.

18:20. Пенальтини Гарри Кейн аткармай болду.

18:21. Го-о-о-о-о-л! Гарри Кейн пенальтини мыкты аткарды. Хайме Пенедо топту тосуп алганга үлгүргөн жок.

18:22. Рубен Лофтус-Чик эреже бузуп сары айып кагазын алды.

18:24. Лингард оюн эрежесин бузуп калыс беттешти токтотту. Топ панамалыктарда.

18:25. Рахим Стерлинг айып аянтчага кирип келген, бирок ал офсайд абалында болуп калды.

18:26. Топко панамалыктар ээ болуп чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

18:28. Хосе Луис Родригес сол канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Бирок ал таамай болбой, топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

18:29. Анибаль Годой талаанын орто бөлүгүндө эреже бузду. Топ англиялыктарда.

18:30. Стерлингге каршы эреже бузулду. Англиялыктар айып сокку аткарат.

18:31. Харри Магуайер айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып таамай болгон жок.

18:32. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада: Англия - 56 пайыз, Панама - 44 пайыз.

18:33. Топту англиялыктар өзүнүн карамагына алып кооптуу чабуул аткарууга аракет жасоодо.

18:34. Соккулар боюнча статистикада 2:3 Панама көбүрөөк сокку узаткан.

18:35. Г-о-о-о-л! Дейси Лингард айып аянтчанын ичинен сокку узатып эсепти өзгөрттү. Дарбазачыга тосуп алууга мүмкүн болгон жок.

18:37. Блас Перес айып аянтчага көтөрүлгөн топко жетишпей калып сокку узата алган жок. Кооптуу абал орун алды.

18:38. Панамалыктар эреже бузуп, Трипьер айып сокку аткарат.

18:39. Г-о-о-о-о-о-л! Жон Стоунс 2-голун киргизди. Айып аянтчага көтөрүлүп берген топто алгач Стерлинг жетип сокку узаткан, бирок дарбазачы топту Стоунска кайтарып, Стоунс башы менен гол киргизди.

18:40. Англиялыктар соккулар боюнча статистикада көрсөткүчүн 5 соккуга жетикирди. Алардын баары таамай болду.

18:41. Лингард алыстан сокку узатып топ коргоочуга тийип калды. Англиялыктар топту бурчтан чыгарат.

18:42. Панамалык коргоочулар айып аянтчадан эреже бузуп, калыс англиялыктарга пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

18:43. Фидель Эскобар эреже бузганы үчүн сары айып кагазын алды.

18:44. Пенальтини Гарри Кейн аткарат.

18:45. Г-о-о-о-л! 5:0. Гарри Кейн 2-пенальтисин аткарып, 2-голун киргизди. Эсеп 5:0.

18:46. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

18:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына жетти.

19:03. Калыс 2-таймга старт берди.

19:05. Англиялыктар топко ээ болуп кайрадан чабуулга чыкты.

19:07. Панамалыктар топту алып чабуул жасашты, бирок ал ийгиликсиз болду.

19:09. Анибал Годой атаандашына каршы орой ойноп эреже бузду.

19:10. Рубен Лофтус-Чик айып аянтчага кирип келүү аракетин көргөн, бирок коргоочулар жакшы ойноп, топту талаадан сырткары чыгарды.

19:12. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада Англия 60 пайга ээ болду.

19:14. Хосе Луис Родригес чабуулда эреже бузду. Топ англиялыктарда.

19:15. Киран Триппьер оң канаттан чабуулду курчутууга аракет жасаган, бирок калыс офсайд абалын байкап чабуулду токтотту.

19:16. Рахим Стерлинг талаанын орто бөлүгүндө оюн эрежесин бузду.

19:19. Г-о-о-о-о-л! Гарри Кейн 3-голун киргизди. Рубен Лофтус-Чик айып аянтчанын сыртынан сокку узаткан, топ Кейнге тийип дарбазачы тосуп алганга жетишкен жок.

19:20. Англия курамасында оюнчу алмаштырылды. Жейми Варди Гарри Кейндин ордуна чыкты.

19:22. Панама курамасында дагы алмаштыруу орун алды. Рикарду Авила оюн талаасына Анибал Годойдун ордуна чыкты.

19:24. Майкл Мурильо айып аянтчанын ичинен сокку узатып, анын соккусун коргоочулар кайтара алды.

19:26. Панама курамасында алмаштыруу. Йоэль Барсенас оюн талаасынан кетип анын ордуна Абдиэль Арройо чыкты.

19:27. Дагы бир алмаштыруу Габриэль Гоместин ордуна Фелипе Балой чыкты.

19:28. Гарет Саутгейт курамасында алмаштыруу жасады Дэнни Роуз Киран Триппьердин ордуна оюн талаасына чыкты.

19:29. Майкл Мурильо атаандашына каршы орой ойноп сары айып кагазы менен белгиленди. Англиялыктар айып сокку аткакеттират.

19:30. Жордан Хендерсон алыскы аралыктан сокку узатып, гол киргизгенге аз калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп .

19:33. Роман Торрес эсеп санын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнөн колдоно алган жок. Ал бурчтан чыгарылган топту кубаттуу соккусу менен дарбазага багыттап таамай болгон жок.

19:35. Армандо Куперге каршы эреже бузулду. Панамалыктар айып сокку аткарат.

19:36. Г-о-о-о-о-л! Эсеп 6:1. Фелипе Балой айып аянтчага чыгарылган топту дарбазага багыттап Жордан Пикфордго тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

19:39. Стерлинг алыскы аралыктан сокку жасап бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

19:42. Статистикага көңүл бурсак, Англия курамасы 60 пайыз топко ээлик кылууда.

19:44. Панама курамасы топту алып 2-голун киргизүү аракетин көрүп жатышат. Азырынча чабуулдары ийгиликсиз.

19:46. Стерлингге каршы эреже бузулду. Англиялыктар айып сокку аткарат.

19:47. Айып соккуну Эшли Янг аткарып, анын соккусу айып аянтчадагы оюнчуларга тийип дарбазачынын колуна барды.

19:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 4 мүнөт кошуп берди.

19:50. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Панама курамасы топко ээ болуп чабуул аракетин көрүүдө.

19:51. Эрик Давис айып аяничанын ичинен сокку узатып коргоочуга тийип калды.

19:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти.

19:53. Бул жеңиш менен Англия курамасы "G" тайпасында 6 упайга ээ болуп плей-офф баскычына өттү. Ал эми Панама курамасы упайсыз болуп, плей-оффго чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

19:54. Гарри Кейн бул беттештеги 3 голу менен Дүйнө чемпиондугунда голдордун санын 5ке жеткирип бомбардирлердин тимесинде 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми 2-орунда Криштиану Роналду жана Ромелу Лукаку.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dembele84
2018-06-24 17:56:37
Англия фаворит бул оюнда шек жок,бирок бул чемпионатта сюрприздер коп болуп жатат,Панама дагы англичандардын нервине тийип жакшы оюн коргозушун кутом!
0
o.aza
2018-06-24 17:57:25
Кимде ссылка болсо айтып койгулачы
Онлайн көрө албайтам .телефондон.рахмат
-3
egiz-jigit
2018-06-24 18:03:12
o.aza, плей маркеттен лайм тв нд дегенди кочуруп кирсен матч твга катбай жакшы коргозот
0
bekos2012
2018-06-24 18:25:37
egiz-jigit,түз эфир эмес го
-2
Sizge.kat
2018-06-24 18:19:38
Ангиля алгааа
-2
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 18:40:17
4:0
-2
Alixan-Nookat.2015
2018-06-24 18:44:18
5:0
-2
Wolf_ero
2018-06-24 18:55:51
7/1 болот буйруса
-2
Rasul94
2018-06-24 19:43:54
Олду Панама
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан