Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков Венгрияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Бүгүн, 24-июнда Венгрияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков алтын медаль тагынды. Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 10 спортчу катышкан. Анда Кыргыз балбандары 1 алтын жана 2 коло медаль тагынышты.

Каныбек Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгач венгриялык Габор Ференчти 8:0 эсеби менен, жарым финалда венгриялык Эрик Торбаны 4:1 эсебинде утуп алды. Финалдык беттеште Жолчубеков кытайлык Сайлайк Валихан менен беттешти. Кызуу беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбаны 7:1 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.

Урмат Аматов 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп коло медалды багындырды. Ал алгач сербиялык балбанды, андан соң венгриялык балбанды уткан. Жарым финалда Аматов египеттик балбандан жеңилип коло медаль үчүн күрөштү. Анда ал сербиялык Слободан Салич менен беттешип, 8:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Атабек Азисбеков 82 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү. Ал балбанды утуп, жарым финалда ирандык балбандан жеңилүү ызасын тартып калды. Коло медаль үчүн күрөштө Азисбеков казакстандык Евгений Поливадов менен күрөшүп, анын үстүнөн жеңишке жетти. Муну менен Атабек Азисбеков коло медалды тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
OKEI
2018-06-25 01:00:24
Азаматсын!!!
+1
taalay25
2018-06-25 02:12:52
Ушул бала Олимпиядада бир кереке жарайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан