25-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Польша-Колумбия беттеши орун алат. Аталган беттеш "Н" тайпасынын алкагында өтүп, 2-турдун жыйынтыктоочу беттеши болмокчу. Беттештин башкы калысы Сесар Рамос Паласуэлос (Мексика) болмокчу.
23:50. Польша курамасынын тизмеси:
23:52. Колумбия курамасынын тизмеси:
23:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Польшанын гимни жаңырды.
23:57. Колумбиянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.
23:58. Топту оюнга алгач Польша курамасы кошот.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
00:01. Алгачкы мүнөттөрдөн Польша курамасы чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
00:02. Роберт Левандовски сол канаттан чабуулга чыгып, дагы бир жолу топту бурчтан кошконго мүмкүнчүлүк алды.
00:03. Михал Пазданга каршы эреже бузулду. Паздан талаа үстүндө жатып, медициналык жардамга муктаж.
00:04. Давид Оспина бутун кайрып алып медициналык жардам алууда.
00:05. Оспина оюнду улантууга даяр.
00:06. Польшалыктар алгачкы мүнөттөрдөн орой оюн көрсөтүүдө. Левандовски атаандашынын колун басып алды.
00:07. Бартош Берешиньский атаандашын жыгылтып эреже бузду. Топ колумбиялыктарда.
00:08. Хамес Родригес алыстан сокку узатып таамай болду, бирок дарбазачы топту тосуп алууга үлгүрдү.
00:09. Колумбиялыктар топко ээлик кылып чабуулга чыгышты. Азырынча чабуулдары ийгиликсиз.
00:10. Хамес Родригес оюн эрежесин бузуп, топту атаандаштарына берди.
00:11. Айып аянтчага узатылган топту чыгарып берүүгө Давид Ковнацкий жыгылып жетпей калды.
00:12. Алгачкы мүнөттөрдөн Колумбия курамасы топко ээлик кылып позициялык чабуулга чыкса, польшалыктар азырынча контр-чабуул менен ойноодо.
00:13. Сантьяго Ариас колу менен ойноп, калыс эреже бузууну байкады. Польшалыктар айып сокку аткарат.
00:14. Сантьяго Ариас айып аянтчанын сыртынан сокку узаткан, бирок топ коргоочуга тийип талаадан сыртка чыкты.
00:15. 15 мүнөттүн жыйынтыгында Колумбия курамасы 52 пайыз топко ээлик кылууда.
00:16. Давинсон Санчес Левандовскиге каршы эреже бузду. Топ Польшанын карамагында.
00:17. Пётр Зелиньский алыскы аралыктан кубаттуу сокку узатканга жетишти. Бирок анын соккусу коргоочуга тийип талаадан чыгып кетти. Польшалыктар топту бурчтан чыгарат.
00:18. Петр Зелиньски топту бурчтан чыгарды, аны коргоочулар айып аянтчадан сырткары чыгарып салышты.
00:20. Колумбиялыктар жакшы чабуул аткарышты. Бирок айып аянтчага чыгарылган топко Абель Агилар жетишпей калды.
00:21. Яцек Горальский талаанын орто бөлүгүндө эреже бузду. Топ колумбиялыктардын карамагында.
00:22. Польша контр-чабуулга чыгып, Левандовскинин айып аянтчага чыгарган тобунда алгач коргоочулар болуп, топту талаадан чыгарышты.
00:23. Соккулар боюнча статистика 2:1, Польша алдыда.
00:24. Колумбия курамасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
00:25. Хуан Кинтеронун бурчтан чыгарган тобу таамай болбой, топту польшалыктар тартып алды.
00:26. Колумбиялыктардын чабуулу ийгиликсиз болууда. Польшанын коргоочулары мыкты оюн көрсөтүүдө.
00:27. Фалькао айып аянтчанын сыртынан сокку узатып коргоочуларга тийип калды.
00:28. Хуан Куадрадо айып аянтчага чыгаруу жасаган, бирок ал ийгиликтүү болгон жок.
00:29. Абель Агилар жаракат алгандай көрүнөт. Ага талаанын үстүндө медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
00:30. Агиляр жаракаттан улам беттешти уланта албай калды. Анын ордуна талаа үстүнө Матеус Урибе чыкты.
00:31. Кинтеронун айып аянтчага көтөргөн тобун коргоочулар талаадан чыгарышты. Колумбиялыктар топту бурчтан кошот.
00:32. Колумбиялыктардын бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү ийгиликтүү болгон жок.
00:33. Хуан Куадрадо алыскы аралыктан сокку узатты. Анын узаткан соккусу дарбазадан алыс өттү.
00:34. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада 52 пайыз менен Колумбия алдыда.
00:35. Хуан Куадрадо айып аянтчага топту көтөрүп кооптуу абал жаратты. Топто алгач коргоочулар болду.
00:36. Буртчан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдоно алган жок. Войцех Щенсный топту тосуп алды.
00:37. Польша курамасы топто талаанын орто бөлүгүндө кармап, азырынча чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
00:38. Хуан Куадрадо айып аянтчага көтөрүп берүү мүмкүнчүлүгү ишке ашкан жок. Колумбиялыктар топту бурчтан чыгарат.
00:39. Го-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Йерри Мина Родригестин чыгарып берүүсүн башы менен дарбазага багыттап Щенсныйга тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн калтырган жок.
00:40. Дарбазага багытталган соккулар боюнча статистикада Колумбия 4:2 эсеби менен алдыда.
00:41. Польшалыктар гол өткөргөн соң дароо чабуулга чыгышты. Бирок колумбиялык коргоочулар жакшы оюн көрсөтүп атаандашынын чабуулун токтото алды.
00:42. Колумбиялыктар топту талаанын орто бөлүгүндө кармап, кооптуу чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
00:43. Хамес Родригес офсайд абалына туш болду. Калыс ышкырыгын жаңыртып чабуулду токтотту.
00:44. Мацей Рыбус айып аянтчага жакшы чыгарып берүү жасаган, бирок анын чыгаруусуна өнөктөштөрү жеткен жок.
00:45. 1-тайм аяктап, калыс 4 мүнөт кошуп берди.
00:46. Гжегож Крыховяк эреже бузуп, колумбиялыктар айып сокку аткарат.
00:47. Рыбус айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок топ коргоочуларга тийип талаадан сыртка чыгып кетти.
00:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.
01:04. Сесар Рамос Паласуэлос 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:1.
01:05. Бартош Берешиньский айып аянтчадан сыртка башы менен сокку узатты. Бирок таамай болбой топ талаадан сыртка чыгып кетти.
01:07. Польшалыктар чабуулга чыгып, Берешиньский айып аянтчага чыгаруу жасаган, топто алгач коргоочулар болуп топту айып аянтчадан чыгарды.
01:08. Роберт Левандовски дарбазага сокку узатты. Бирок топ дарбазадан бир аз алыс өттү.
01:09. Хинтеро 30 метр аралыктан сокку жасап таамай болгон жок.
01:10. Куадрадо ылдамдык менен чабуулга чыгып Фалькаого топту чыгарып берди. Фалькао дароо сокку узатып, бирок таамай болгон жок.
01:11. Куадрадо кайрадан оң канаттан чабуул жасап, анын айып аянтчага чыгарып берген тобуна Щенсный секирип жетип алды.
01:12. Хамес Родригес сокку узатып коргоочуга тийип калды.
01:13. Польша курамасы топко ээлик кылып чабуулга чыгышты.
01:14. Гжегож Крыховяк айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок анын өнөктөштөрү топко барбай, Оспина топту алып койду.
01:15. Кинтеро айып аянтчанын сыртынан сокку узаткан, топ коргоочуга тийип талаадан чыгып кетти. Колумбиялыктар топту бурчтан чыгарат.
01:16. Польша курамасында алмаштыруу. Камиль Гросицкий Давид Ковнацкинин ордуна оюнга кошулду.
01:17. Оюн токтоп калды. Михал Паздан медициналык жардам алууда.
01:18. Левандовски айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Анын соккусун Оспина кайтарууга жетишип, бирок жеңил жаракат алып калды.
01:19. Михал Паздан оор жаракат алган жок. Ал оюн талаасына кайтып келди.
01:20. Ян Беднарек эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
01:21. Польша курамасы топту орто бөлүктөн тартып алып чабуулга чыккан, бирок Гросицкий таамай эмес чыгаруу аткарып топту жоготту.
01:22. Петр Зелиньски атаандашына каршы эреже бузду. Калыс ышкырып оюнду токтотту.
01:24. Польшалыктар топту орто бөлүктө кармап, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
01:25. Роберт Левандовски оң канаттан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттады, бирок анын соккусу коргоочуга тийип калды.
01:26. Горальскийге каршы эреже бузулду. Польшалыктар айып сокку аткарат.
01:27. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко Левандоски жетпей калды.
01:28. Го-о-о-л! Эсеп 0:2. Фалькао 3 коргоочуну аралап өтүп таамай соккусу менен Щенсныйга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
01:30. Польша курамасында алмаштыруу. Бартош Берешинскийдин ордуна Лукаш Теодорчик чыкты.
01:31. Колумбия дагы оюнчусун алмаштырды Хуан Кинтеро оюн талаасын таштаса, Жефферсон Лерма оюнга кошулду.
01:32. Петр Зелиньски алыстан сокку узатып таамай болгон жок, топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
01:34. Го-о-о-о-л! Эсеп 0:3. Родригестин чыгарып берүүсүнөн кийин Куадрадо дарбазачы менен бетме-бет келип, мыкты сокку узатты.
01:36. Колумбия курамасында алмаштыруу. Фалькаонун ордуна оюнга Карлос Бакка кошулду.
01:38. Хамес Родригес чабуулда атаандашын жыгылтып эреже бузду.
01:39. Польша курамасында алмаштыруу. Камиль Глик Михал Паздандын оюн талаасына чыкты.
01:40. Польшалыктар гол киргизүүгө мыкты мүмкүнчүлүктү коё берди. Гжегож Крыховяк сол бурчтан Оспинанын дарбазасына сокку узатып коргоочуга тийип калды.
01:41. Оюн токтоп калды. Давид Оспина жаракат алып, талаа үстүндө медициналык жардам алууда.
01:42. Оспина беттешти улантууга даяр.
01:43. Матеус Урибе атаандашынын айып аянтчасында топту кабыл алып сокку узаткан, бирок сокку кубаттуу болбой аны коргоочулар айып аянтчадан чыгарды.
01:44. Яцек Горальски оюн эрежесин бузуп сары айып кагазын алды.
01:45. Йерри Мина эреже бузду. Польшалыктар айып сокку аткарат.
01:47. Роберт Левандовски алыскы аралыктан мыкты сокку аткарды. Анын дарбазага таамай багытталган соккусун Давид Оспина кайтара алды.
01:49. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.
01:50. Лукаш Теодорчик чабуулга чыгып, топ үчүн атаандашы менен күрөштө эреже бузду.
01:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш 0:3 эсебинде аяктады.
01:55. Муну менен Колумбия курамасы плей-офф баскычы үчүн күрөштү улантса, Польша курамасы күрөштү токтотту.