ӨКМ: "Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын эң кичүүсү 16 жашта"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча өлкө аймагында бир сутка ичинде 4 адам сууга чөгүп каза болуп, 1 адамды издөө иштери улантылууда.

"Аба ырайынын ысышы менен сууга чөккөндөрдүн саны күн санап өсүп жатат. Биз жарандарды сууга түшүп жаткан учурда коопсуздук эрежелерин сактоого жана балдарга жакшы көңүл бурууга чакырат элек", - деп билдиришти министрликтен.

24-июнь күнү катталган фактылар:

1. Кечээ, 24-июнь күнү саат 09:28де ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Учкун кичи районунда Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган С.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткен жерге барышып, издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 12:35те маркумдун жансыз денесин табышып, РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

2. 24-июнь күнү саат 08:36да ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Энергетик дачасындагы көлмөгө чөгүп кеткен 2001-жылы туулган Ж.у.Н. аттуу жаранды издөөгө чыгышкан. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин саат 10:40та суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


3. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2018-жылдын 24-июнь күнү саат 15:20да Кыргыз Республикасынын ӨКМнын №38 жана №15 өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн куткаруучулары Бөкөнбаев айылындагы №1-Кекилик пляжында 2002-жылы туулган Т.у.Ы. аттуу жаран чөгүп кеткен жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн чыгышкан. Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, саат 19:55те маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

4. 2018-жылдын 24-июнь күнү саат 17:12де Кыргыз Республикасынын ӨКМнын №31-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын "Лазурный Берег" пансионатында 1994-жылы туулган А.Т.Э. аттуу эркек адам чөгүп кеткен жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн чыгышкан. Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, саат 18:15те маркумдун жансыз денеси табылып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылынын тургуну 1972-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран 21-июнь күнү агасынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. 24-июнь күнү саат 17:10 чамасында ӨКМга туугандары тарабынан маалымат түшүп, Нарын дарыясынын жээгинен издеп берүүнү суранышкан. Издөө иштерин жүргүзүүгө 24-июнь күнү саат 17:15те ӨКМнын 2- издөө-куткаруу отрядынан 6 куткаруучу, ШИИБден 10 кызматкер жана туугандарынан 2 адам чыгышып, саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн, 25-июнь күнү улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан