Бүгүн, 25-июнда жеңил унаалардын кагылышынан Улуттук гвардиянын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгы таңга маал саат 04:50 чамасында Сүйөркулов жана Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Таңга маал биздин капитан жана взводдун ага лейтенанты Мерседес үлгүсүндөгү унаасы менен төрөт үйүнө келе жатышкан. Төрөт үйүндө капитандын жубайы жаткан. Биздин кызматкердин унаасы Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кырсыктан улам унаадан Улуттук гвардиянын №702-аскер бөлүмүнүн кызматкери, взводдун командири, ага лейтенант Т.С. көз жумган. Ал эми капитан ар кандай жаракаттарды алып, Бишкек шаарындагы №4-ооруканага жеткирилген.
"Алынган маалыматтар боюнча Тойота Виндом унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан. Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө деди", - маалымат катчы.