Түркияга бир нече күн мурда барып, атайын келишимдин негизинде иштеп жаткан Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева SUPER.KG порталына билдирди.
"Каза болгон жаран Анталия шаарындагы мейманканалардын биринде, ашканада эмгектенчү. Анын сөөгүн мекендештери чогуу жашаган үйүнөн табышкан. Кыргыз жараны кандай жагдайда каза болгону тууралуу Стамбулдагы консулдук атайын териштирүү жүргүзүп жатат. Маалымат такталган соң дагы кабарлайбыз", - дейт ал өз сөзүндө.
Айрым маалымат каражаттары жазгандай, каза болгон 34 жаштагы М.А. өз өмүрүнө кол салган. ТИМдин маалыматы боюнча, жыл сайын Түркиядан 15тей Кыргыз жаранынын сөөгү келет.