Жалал-Абадда 32 жаштагы жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү ур-тепкиге алышкан

Жалал-Абад облусунда 32 жаштагы жаранды белгисиз себептерден улам ур-тепкиге алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"21-июнь күнү саат 16:30 чамасында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Шайдан айылында бейтааныш эки-үч бала мени эч себепсиз эле оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, ур-тепкиге алып ден соолугума зыян келтирди" деген арызы менен Ноокен районунун тургуну 32 жаштагы А.С. кайрылган. Жабырлануучу Ноокен райондук ооруканасына жаткырылып, ага дарыгерлер тез арада операция жасап, боорунан оор жаракат алгандыгын аныкташкан. Аталган факты боюнча Ноокен РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча Ноокен РИИБинин Криминалдык милиция кызматы жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле айылдын тургуну ИИМде уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган 30 жаштагы Т.Э. шектүү катары кармалды", - деди маалымат катчы.

"Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Ошондой эле шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө", - деп кошумчалады басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан