Кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Криминалдык милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн текшерүүгө алышкан. Натыйжада Аламүдүн районунда жайгашкан Мурсалым Умырзаковдун үйүнөн жалпы салмагы 17 грамм баңгизаты табылган. Бул факты боюнча ал кылмышка шектелип, эки айга камакка алынды", - деди маалымат катчы.
Айта кетсек, Мурсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" деген каймана атка ээ жана бир канча жолу соттолгон. Буга чейин ал Орусияда баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөнүнө байланыштуу үч жылга соттолгон. Жаза мөөнөтүн жакында эле өтөп бүтүп, Кыргыз өлкөсүнө депортация болгон.