26-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында "В" тайпасындагы беттештер орун алат. Анда "Калининград" стадионунда Испания-Марокко беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы өзбекстандык Равшан Ирматов болот.
23:50. Испания курамасынын тизмеси:
- Дарбазачы: Давид де Хеа ("Манчестер Юнайтед" Англия).
- Коргоочулар: Жерар Пике, Жорди Альба ("Барселона" Испания), Серхио Рамос, Даниэль Карвахаль ("Реал Мадрид" Испания).
- Жарым коргоочулар: Серхио Бускетс, Андрес Иньеста ("Барселона" Испания), Иско ("Реал Мадрид" Испания), Давид Сильва ("Манчестер Сити" Англия), Тьяго Алкантара("Бавария" Германия);
- Чабуулчулар: Диего Коста ("Атлетико" Испания).
- Башкы машыктыруучу: Фернандо Йерро (Испания).
23:51. Марокко курамасынын тизмеси:
- Дарбазачы: Мунир Мохамеди ("Нумансия" Испания).
- Коргоочулар: Ромен Саисс ("Вулверхэмптон" Англия), Мануэл да Кошта ("Истанбул" Түркия), Ашраф Хакими ("Реал Мадрид" Испания), Набиль Дирар ("Фенербахче" Түркия).
- Жарым коргоочулар: Юнес Бельханда ("Галатасарай" Түркия), Хаким Зиеш ("Аякс" Нидерланд), Нордин Амрабат ("Леганес" Испания), Карим Эль-Ахмади ("Фейеноорд" Нидерланд), Мубарак Буссуфа ("Аль-Жазира" Бириккен Араб Эмираттары).
- Чабуулчулар: Халид Бутаиб ("Ени Малатьяспор" Түркия).
- Башкы машыктыруучу: Эрве Ренар (Франция).
23:52. Командалар оюн талаасына чыгууга даярданууда.
23:53. Курама командалар "Калининград" стадионунун талаасына чыгышты. Алгач Испаниянын гимни жаңырат.
23:57. Марокконун гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
23:58. Топту оюнга Испания курамасы кошот.
00:00. Равшан Ирматов беттешке старт берди.
00:01. Алгачкы чабуулга Марокко курамасы чыкты. Ашраф Хакиминин айып аянтчага чыгаруусу таамай болгон жок.
00:02. Талаанын орто бөлүгүндө Костага каршы эреже бузулду. Топ испаниялыктарда.
00:03. Иско айып аянтчага Иньестага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок таамай болгон жок.
00:04. Карвахаль айып аянтчага кирип келип, бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
00:05. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко алгач коргоочулар жетип топту сыртка чыгарды.
00:06. Рамоско каршы оюн эрежеси бузулуп, Амрабат менен Рамостун ортосунда пикир келишпестик пайда болуп кетти.
00:07. Халид Бутаиб жаракат алып азырынча медициналык жардам алууда.
00:09. Испания курамасы жайбаракат чабуул жасоодо.
00:10. Сильва айып аянтчага кирип келип Иньестага чыгарып берүү жасаган, Иньеста 11 метрлик чийиндин жанынан топко жетпей калды.
00:11. Халид Бутаиб оюн талаасына кайтып келди. Анын жаракаты жеңил эле болуптур.
00:12. Марокко курамасы сол канаттан чабуулга чыгуу аракетин көргөн, бирок испан коргоочулары топту алып коюшту.
00:13. Г-о-о-о-о-о-л!!!! Эсеп 0:1. Марокко курама командасы эсеп санын ачууда. Халид Бутаиб дарбазачы менен бетме-бет кез келип таамай соккусу менен гол киргизди.
00:14. Алгачкы 15 мүнөттө Испания 77 пайыз топко ээлик кылууда.
00:15. Марокко кайрадан топко ээ болуп, ийгиликтүү чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
00:16. Иньеста алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок.
00:18. Испаниялыктар жай темп менен чабуулга чыгып ийгиликтүү кылганга аракеттенет.
00:19. Г-о-о-о-о-л! Иско эсепти тең кылды. Эсеп 1:1. Иньеста сол канаттан айып аянтчага кирип келип Иского чыгарып берүү жасады, ал эми Иско таамай сокку менен Мунир Мохамедиге тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.
00:21. Бускетске каршы орой ойногону үчүн Карим Эль-Ахмади сары айып кагазы менен белгиленди.
00:22. Ирматовдун ышкырыгы кайрадан жаңырууда. Марокколук коргоочу Иского каршы эреже бузду.
00:23. Иньеста дарбазага сокку узатып аны коргоочу талаадан чыгарды. Испаниялыктар топту бурчтан кошот.
00:24. Халид Бутаиб 2-голун киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды. 2 коргоочудан качып кетип, Де Хеа менен бетме-бет келди. Айып аянтчага кирип келип Бутаиб сокку узаткан, бирок Де Хеа жогорку чеберчилигин көрсөтүп соккуну кайтара алды.
00:25. Топко ээлик кылуу боюнча статитистика: Испания - 77 пайыз, Марокко - 23 пайыз.
00:26. Испания атаандашына топту карматпай өзүнүн чабуулун аткарууда.
00:27. Соккулар боюнча статистика: Испания - 5, Марокко - 2.
00:28. Нордин Амрабат Рамоско каршы оюн эрежесин бузуп сары айып кагазын алды.
00:29. Рамос дарыгерлердин жардамын алууда.
00:30. Кайрадан эреже бузуу жана сары айып кагаз Мануэль Да Коштага көрсөтүлдү.
00:31. Испаниялыктар айып соккуну аткарат.
00:32. Айып соккуну Иско аткарып, анын айып аянтчага көтөргөн тобу кубаттуу болбой, топту коргоочулар алып кетти.
00:33. Серхио Рамос каптал сызыктан Костага чыгарды, бирок Коста топту ыңгайлуу кабыл албай, топту талаадан чыгарып алды.
00:34. Испаниялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдоно алган жок. Сильванын айып аянтчага чыгарып берүүсүн дарбазачы тосуп алды.
00:35. Тьяго Алькантара эреже бузуп, калыс испаниялыктардын чабуулун токтотту.
00:36. Бускетс бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттоо аракетин көрүп таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
00:37. Марокко курамасынын контр-чабуулга чыгуу аракетин испаниялык коргоочулар токтотуп койду.
00:38. Иского каршы эреже бузулду, Ирматов ышкырып топту Испанияга берди.
00:39. Юнес Бельханда Алькантараны жыгылтып эреже бузду. Испания кооптуу айып сокку аткарат.
00:40. Айып аянтчага чыгарылган топко Бускетс бир аз жетпей калды. Топту коргоочу айып аянтчадан чыгарды.
00:41. Эреже бузуу боюнча статистика: Испания - 3, Марокко - 8.
00:42. Марокко чабуулга чыгып, сокку узатканга чейин барды. Соккуну Хаким Зиеш аткарып, бирок таамай боло алган жок.
00:43. Соккулар боюнча статистика: Испания - 6, Марокко - 3.
00:44. Испан футболчулары чабуулга чыгып, аны ийгиликтүү аткара албай калды. Альба топту чийинден сыртка чыгарып алды.
00:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
00:46. Нордин Амрабат кайрадан орой ойноп эреже бузду.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм соңуна келди.
01:04. Равшан Ирматов 2-таймга старт берди. Топту оюнга Марокко курамасы кошту.
01:05. Марокко чабуулга чыгып Ашраф Хакими айып аянтчага топту чыгарды, бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп, топту алып коюшту.
01:06. Испания жай темп менен чабуулун баштоодо.
01:07. Иско сол канаттан узатылган чыгарып берүүгө жеткен, бирок калыс ышкырып чабуулду токтотту. Иско офсайд абалында болуп калды.
01:08. Марокколуктар контр-чабуулга чыгып, коопту абал жаратты. Мануэль Да Коштага айып аянтчага көтөрүлгөң топко жетпей калды.
01:09. Испания кайрадан чабуулда. Испаниялыктар атаандашынын айып аянтчасына жай темп менен барууда.
01:10. Иско айып аянтчадан чыгарып берүүгө жетишпей калып, жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды.
01:11. Иско бул ирет айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок анын өнөктөштөрү топко жеткен жок.
01:12. Испан футболчулары бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калып, марокколуктар тез контр-чабуулга чыгышты.
01:13. Нордин Амрабат алыскы аралыктан сокку узатып, гол киргизүүгө аз калды. Анын соккусу дарбазанын таякчасына тийип калды.
01:15. Набил Дирар атаандашынын айып аянтчасында оюн эрежесин бузду. Топ испаниялыктарда.
01:16. Иско айып аянтчанын чийининен сокку узатып таамай боло алган жок.
01:17. Иньестага каршы оюн эрежеси бузулуп, Иско айып соккуну аткарат.
01:18. Исконун соккусу таамай болгон жок. Топ коргоочуларга тийип калды.
01:19. Иско айып аянтчага чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап таамай боло алды. Бирок коргоочу топко секирип жетип, аны талаадан сыртка чыгарды.
01:20. Бурчтан чыгарылган топту Пике дарбазага багыттап бир аз гана таамай боло алган жок. Анын соккусунан кийин топ дарбазанын жанынан өттү.
01:21. Марокко курамасында алмаштыруу Фесаль Фажр Юнес Бельханданын ордуна чыкты
01:22. Испания курамасы дагы деле топту көзөмөлдөп, жай темп менен чабуулун жасоодо.
01:23. Марокколук коргоочулар 2-таймдын башынан бир нече жолу Испаниянын чабуулун токтотуп, жакшы оюн көрсөтүүдө.
01:24. Давид Сильва айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок коргоочулар мыкты оюноп топту айып аянтчадан чыгарды.
01:25. Топко көзөмөл кылуу боюнча статистика: Испания - 70 пайыз, Марокко - 30 пайыз.
01:26. Тьяго Алькантара алыстан сокку узаткан, бирок бир топ таамай болгон жок.
01:27. Нордин Амрабат контр-чабуулга чыгуу аракети ийгиликтүү болгон жок, ал офсайд абалында болуп калды.
01:28. Соккулар боюнча статистика: Испания - 13, Марокко - 4.
01:29. Марокко курамасында алмаштыруу. Халид Бутаибтин ордуна Юссеф Эн-Несири чыкты
01:30. Иско айып аянтчага чыгарып берүү жасап таамай боло албай калды.
01:31. Испания курамасында алмаштыруу. Диего Коста оюн талаасынан кетип аны Яго Аспас алмаштырды.
01:32. Испаниялыктарда дагы бир алмаштыруу. Тьяго Алькантаранын ордуна Марко Асенсио чыкты.
01:33. Иско Амрабатка каршы эреже бузду. Марокколуктар айып сокку аткарат.
01:34. Хаким Зиеш айып аянтчага чыгарып берүү аткарып, ийгиликсиз болду.
01:35. Эреже бузуу боюнча статистика: Испания - 4, Марокко - 14.
01:36. Рамос алыскы аралыктан сокку узатып, бир топ таамай болгон жок.
01:37. Эн-Несири айып аянтчага кирип келип, топту ыңгайлуу көзөмөлдөй албай, топту талаадан сырткары чыгарды.
01:38. Хаким Зиеш айып аянтчага кирип келип, кубаттуу сокку узатты. Топ коргоочуга кийип талаадан чыгып кетти. Марокколуктар топт бурчтан кошот.
01:39. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 1:2. Эн-Несири бурчтан чыгарылган топту таамай сокку менен дарбазага багыттап, Де Хевгв тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.
01:41. Испаниялык футболчуга каршы эреже бузулду. Иско коопту айып соккуну аткарат
01:42. Испания курамасында алмаштыруу орун алды. Давид Сильванын ордуна Родриго оюн талаасына чыкты.
01:43. Марокко курамасында дагы алмаштыруу орун алды. Хаким Зиеш оюн талаасынан кетип, Азиз Бухаддуз оюнга кошулду.
01:44. Исконун айып аянтчага чыгарган тобуна Рамос жетип башы менен сокку узаткан. Бирок испан футболчу таамай боло алган жок.
01:45. Марко Асенсио айып аянтчанын ичинен сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
01:46 Марокконун дарбазачысы Мунир Мохамеди топту көпкө кармаганы үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.
01:47. Марокко курамасы акыркы мүнөттөрдө топту өз карамагына алып, чабуулга чыгуу аракеттерин көрүүдө
01:48. Гол! Эсеп 2:2. Яго Аспас айып аянтчанын ичинен кооз соккусу менен гол киргизди.
01:49. Алгач Равшан Ирматов голду эсепке алган жок. Капталдагы калыс офсайд абалын байкаган. Бирок калыс видео кайталоо системи менен колдонуп голду кайрадан эсептеди.
01:51. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 4 мүнөт кошуп берди.
01:53. Марко Асенсиого каршы оюн эрежеси бузулуп, испаниялыктар айып сокку аткарат.
01:55. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш 2:2 эсебинде аяктады.
01:56. Бул жыйынтык менен Испания курама командасы "В" тайпасында 1-орунга көтөрүлүп, плей-офф баскычында Орусия курама командасы менен беттешет. Ал эми Марокко курамасы буга чейин эле плей-офф баскычы үчүн күрөштү токтоткон.