26-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында "В" тайпасындагы беттештер орун алат. Саранск шаарындагы "Мордовия Арена" стадионунда Португалия-Иран беттеши өтүүдө.
23:50. Португалиянын курамасынын тизмеси: Руй Патрисиу-Суариш, Пепе, Фонти, Геррейру Куарежма, Карвалью, Адриэн Силва, Жоао Мариу-Андре Силва, Роналду.
23:52. Ирандын курамасынын тизмеси: Бейранванд-Резаян, Хоссейни, Пуралиганжи, Хажсафи-Эззатоллахи-Тареми, Жаханбахш, Эбрахими, Амири-Азмун.
23:58. Эки команданын гимндери жаңырды.
00:00. Беттеш башталды.
00:10. Алгачкы 10 мүнөт португалиялыктардын активдүү чабуулдары менен өттү. Ирандын коргоочулары каталарды кетирүүдө.
00:12. Португалиянын оң жарым коргоочусу топту ирандыктардын айып аянтына узатканда дарбазачы топту кармай албай калды. Бирок португалиялыктар мындан пайдалана алышкан жок.
00:15. 25 метр алыстыктан Роналду тепкенде топ тизилип турган ирандык оюнчуларга тийип, оюн талаасынан чыкты.
00:20. Оюндун биринчи 20 мүнөтүндө Португалия 10го жакын чабуул жасады. Иран контр чабуулдар менен жооп берүүдө.
00:22. Ирандык чабуулчу топ үчүн күрөштө португалиялык дарбазачынын башын тээп алды. Дарбазачыга биринчи жардам көрсөтүлүп, ал оюнду улантууда.
00:25. Оюн ылдамдыгы бир аз басаңдап калды. Ирандыктар толук курам менен коргонууда.
00:32. Португалиянын сол коргоочу этиятсыз ойногону үчүн сары айып кагаз алды.
00:34. Португалиянын айып аянтына узатылган топту ирандык чабуулчу башы менен сүзүп, кооптуу чабуулду жаратты.
00:38. Криштиану Роналду 30 метр алыстыктан катуу сокку узатып, кооптуу абал жаратты. Бирок ирандык дарбазачы туура жайгашкандыктан топто оңой эле колуна кармай алды.
00:44. Го-о-о-о-л!! Португалиялык жарым коргоочу Рикарду Куарежма топту алыстан тээп эсепти ачты.
00:45. Калыс 3 кошумча мүнөт кошту. Португалия позициялык чабуулду улантууда.
00:48. Биринчи тайм аяктады.
01:03. Экинчи тайм башталды.
01:06. Ирандык оюнчу өзүнүн айып аянтында Роналдуга каршы ойноп чалып жыгылтып алды. Калыс видео кайталоону көрүп пенальтини дайындады.
01:07. Роналду пенальтиден киргизе албай калды.
01:10. Ирандык чабуулчу португалиялыктардын айып аянтчасында кулады. Бирок калыс пенальти дайындаган жок. Ал топ үчүн күрөштө эч кандай бузуу болбогонун көрдү.
01:13. Жалгыз голдун автору Рикарду Куарежма атаандаштарынын коргоочусунан өтөм деп бутуна сокку жеди. Бир нече убакыттан кийин ал ошол коргоочудан өчүн алганы үчүн сары айып кагаз менен "сыйланды".
01:16. Португалиялыктардын машыктыруучусу голдун автору Куарежманы алмаштырууну чечти.
01:20. Ирандыктарда гол киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Топ штанганын жанынан өтүп дарбазага кирбей калды.
01:24. Топту дээрлик 70 пайыз Португалия курамасы ээлеп жатат. Чабуулдардын саны боюнча да бул команда алдыда. Ирандыктар контр-чабуулдар жана эреже бузуу менен жооп берүүдө.
01:30. Роналду топ үчүн күрөштө атаандашына каршы колу менен ойногон деп калыс ага сары айып кагаз берди.
01:50. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталды. Калыс кошумча 6 мүнөт берди.
01:52. Португалиянын дарбазасына пенальти дайындалды.
01:53. Го-о-л! Ирандыктар эсепти тең кылышты. 1:1
01:55. Оюн аяктады. Ошентип Португалия "В" тайпасында 2-орунду ээлеп, плей-оффто Уругвай менен беттешмекчи. Ал эми Испания Орусия менен кез келет.