Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун ГЭС-5 айланма жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 14:20 чамасында катталган.
Форд Фокус үлгүсүндөгү унааны айдоочунун жубайы башкарып келе жаткан. Унаа башкаруудан чыгып, алдынан чыккан MAN үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен улам Форд Фокус унаасындагы эркек киши каза болуп, калган жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды алышкан. Каза болгон жаран 1967-жылы туулган Бишкек шаарынын М.А. аттуу тургуну болгон.
"Учурда бул жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.