Орусияда өспүрүмдөр кызыктуу видео тартабыз деп үй-жайы жок адамды өрттөп салышты

Орусиянын Тольятти шаарында өспүрүм курактагы балдар кызыктуу видео тартабыз деп үй-жайы жок, көчөдө уктап жаткан адамды өрттөп жиберишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, окуя 24-июнда кечке жуук болуп өткөн. Шаар ичинде ойноп жүргөн өспүрүмдөр көчөдө уктап жаткан адамдын үстүнө күйүүчү суюктук чачып, өрт коюп жиберишкен да, аны видеого тартып турушкан.

"Жолдон өткөн адамдар өрттү өчүрүүгө киришип, "Тез жардам" кызматын чакырдык. Ошол учурда да өспүрүмдөрдүн бири телефонго тартканын токтоткон жок", - деп окуянын күбөсү орусиялык басылмаларга айтып берген.

Жабырлануучунун денесинин 50-70 пайызы күйүк алып, учурда абалы оор экендиги, ал эми укук коргоо органдары бул тууралуу териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zamka79
2018-06-26 10:14:06
Тооба
0
Dembele84
2018-06-26 10:27:48
Интернетке киргизип лайк топтойбуз деген го бул бокмурундар!
+6
keba300989
2018-06-26 11:58:08
Dembele84, лайк топтосо эмне болот
0
Tolkun555
2018-06-26 14:52:45
keba300989,лайк топтосо курсагы тоёт.
+1
monster_high_98
2018-06-26 12:43:58
Лайк оорусу балээ болду
+1
vikidiki
2018-06-26 15:00:33
Аллах ыйман берегор азыркы жаштарга, айрыкча откоол курактагы оспурумдорго!
+2
emir_muslima
2018-06-26 17:25:04
Орус ойундагысын кылат болуптур да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан