Бишкекте кудуктун ичинен 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-июнь күнү саат 19:05 чамасында Кустанай көчөсүндөгү кудуктун ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн. ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барып, кудуктан 52 жаштагы Б.С. аттуу жарандын жансыз денесин алып чыгышкан.
"Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.