Египеттин жеңилүүсү машыктыруучунун өлүмүнө себеп болду

Мурдагы египеттик футболчу жана машыктыруучу Абдрахим Мухаммед Негм Египет-Сауд Арабия беттешин баяндап жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка ылайык, өз кезинде мыкты футболчу болгон Абдрахим Мухаммед Негм каирдик каналдардын бирине Египет-Сауд Арабия оюнун баяндоо үчүн чакырылган. Оюн учурунда Мухаммед Негмдин жүрөгү кармап, тез арада ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.

Абдрахим Мухаммед Негм белгилүү египеттик "Земалек" клубун машыктырган.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун алкагында Египет кечээ, 25-июнда Сауд Арабияга 1:2 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында Египет группалык баскычта бир да упай топтой албай чемпиондуктан четтеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rasul94
2018-06-26 13:49:49
Ушул чм аябай озгочо болуп атат. откондо эле мессинин бир фанаты олду деди эле. Эми бул
+3
monster_high_98
2018-06-26 17:36:43
Rasul94,Бул киши журогу кармап олуптур, бироо олтургон эмес, анан каяктагы Египеттин женилуусу учун деп журоот,,
+1
juma11anara
2018-06-26 19:08:57
Машыктыруучу деп турса чын эле ошондой болуптурбу деп ачып окусам, аттиң ай ал башка бирөө экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан