Ош облусунун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны жеңил унаа сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-июнь күнү саат 21:30 чамасында катталган.
"Кырсык Кара-Суу районунун Садырбай айылында болгон. Анда 57 жаштагы Сузак районунун тургуну Б.К. Ниссан үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып жолдон өтүп бараткан 81 жаштагы Садырбай айылынын тургуну М.А.ны сүзүп кетип, аксакал окуя болгон жерде каза болгон. Учурда маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, унаа техникалык-экспертизага жиберилди. Ал эми айдоочунун иши боюнча тиешелүү тергөө иштерин Кара-Суу РИИБи жүргүзүп, айдоочунун баш коргоо чарасы бүгүн каралат", - деди маалымат катчы.