Кыргыз күрөш боюнча биринчи абсолюттук чемпион Туратбек Мазиевдин урматына арналган мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкек шаарында кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи абсолюттук чемпиону Туратбек Мазиевдин урматына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

11-жолу өткөрүлгөн мелдеште өлкөбүздүн бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген жалпы 134 балбан катышты. Анда спортчулар 60, 66, 74, 84, 96 килограммга чейинки жана 96 килограммдан жогорку салмак чендеринде күч сынашты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Бекзат Тынчтыкбек уулу

2-орун: Анарбек Тайчибеков

3-орун: Сымбатбек Алымбеков жана Эрбол Молдошев

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Рабил Самат уулу

2-орун: Баястан Суйунбеков

3-орун: Эдил Турдубаев жана Нурлан Мелис уулу

74 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Эрмек Абдиталип уулу

2-орун: Зиямидин Сатыбеков

3-орун: Азизхан Мусабек уулу жана Өмүркан Сүйүнбеков.

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Ноорузбек Мирланбеков

2-орун: Бектур Кожомуратов

3-орун: Таласбек Мустапа уулу жана Израил уулу Шамшидин

96 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Нурбек Кожобеков

2-орун: Уларбек Куручбеков

3-орун: Бейбарс Чоокбаев жана Урмат Арыбаев

96 килограммдан жогорку салмак ченинде:

1-орун: Бекболсун Кушубаков

2-орун: Чынгыз Чалабаев

3-орун: Урмат Мусадилалиев жана Эрлан Замирбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан